» Саясат » Тилекмат Күрөңовдун саткынчылыгы далилденсе, өмүр бою бетине чиркөө болот
Тилекмат Күрөңовдун саткынчылыгы далилденсе, өмүр бою бетине чиркөө болот
05-ноябрь, 12:00
416 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Түрмөгө отуруп чыккан Тилекмат Күрөңов оппозицияны “кылтакка” илип берүү машакатында иштегени талкууга алынууда. Өзү радикалдуу мүнөз көрсөтүп, ачуу сүйлөп, Кемпир-Абадга күйүмүш этип, күпүлдөп аткан. Анан калса, оппозицияга, активисттерге чай уюштуруу менен “колу ачыктанып” кеткенине түшүнбөгөндөр да бар эле. Органдарга тымызын кызмат өтөп, бийликке каршы тараптарды козутууга киришкени, жашыруун жаздырууларга себепчи болгону, аягында баарын салып берип, качып кеткени ыраспы? Бул боюнча ачык күнөөлөгөндөр арбып кетти. Учурда Күрөңов Түркияда баш калкамашыш этип, төбөлдөрдү жамандоо менен Батыштан башпаанек алуунун амалына түшкөнү айтылууда. Алдын ала ойлонулган операция менен ушундай жолго барса, саткынчылыгы далилденсе, түбөлүк бетине чиркөө болот да. Мезгил баа берсин!