Россиянын ОМОНдору кыргыз мигранттарын сабашты
Россиянын Хабаровск шаарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери Кыргызстандан барган мигранттарды иштеп жаткан жеринен белгисиз себеп менен ур токмокко алышып, сабап салышкан.
Бир нече күн мурун куралданган полиция кызматкерлери кыргыз жарандары иштеген таксопарктын аймагына кирип келип, документтери жайында болсо да аларды мыйзамсыз кармап кетишкен.
“Таксопарктын аймагына ОМОН кирип келип, биздин балдарды катуу сабап, алып кетишти. Андан кийин сабалган балдардын бешөөсү түрдүү жаракат алып ооруканага жатып калышты. Аларга жардам керек”, -деп жазган күбөлөрдүн бири.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул окуя менен иш алып барып жатат. Окуя болгон шаарда Кыргызстандын консулу иштеп жатат. Орусиянын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине укуктук баа берүү боюнча нота жиберилди.
Aryba.kg