“Маалыматтык мейкиндикте сын көз караштар калыптанса маанилүү болот эле”
-- Акыркы жылдары соцтармактардын таасири баштагыдай болбой, коомчулуктун ишеними азайганы байкалууда. Манипуляция, көз будамайлоо чегине жетип баратабы? Саясый күрөштө пиар кылуунун кандай жаңы ыкмалары чыгышы мүмкүн?
Алмазбек Акматалиев, профессор:
-- Соцтармактар – бул азыркы замандын чоң феномени. Алардын коомдук таасири ар дайым болуп турат. Бирок, үч нерсе бул жагдайды кескин өзгөртө баштады. Биринчиден, фейктердин укмуш көбөйүп кетиши. Экинчиден, соцтармактардагы агрессия, көралбастык, жекеликке асылуу, мазактоо, маалыматтык басым сыяктуу нерселерди кайсы бир күчтөр аркылуу атайын уюштуруу мүмкүнчүлүгү. Үчүнчүдөн, жасалма интеллекттин ыкчам өнүгүшү. Ушул үч процесс бириккенде, албетте, ал жактагы маалыматка ишенич сөзсүз кетет. Сын көз карашты калыптантуу маанилүү, өзгөчө маалыматтык мейкиндикте. Анүстүнө соцтармактар башынан эле "демократиялык", жеңил колдонуу ыкмасы болуп келген да. Буга “атың чыкпаса, жер өрттө” дегендер кошулду. Кыскасы, соцтармактардын таасири мындан ары деле бир деңгээлде болбойт, өзгөрүп, кубулуп турат. “Канча көп катталуучуң болсо, ошончо көп акча табышың мүмкүн” деген принцип иштеп атат. Катталуучуларын көбөйтүүдө баары эле таза жолду тандабайт экен да, "все средства хороши" дегендей.
Ошон үчүн соцтармакта сенсацияны тапсак, дароо эле ишенип, колдоп же боктоп салуудан алыс болуш керек. “Чынбы же калппы?” деген суроо маанилүү. Албетте, социалдык тармактар да бара-бара укуктук талаага кирет. Жоопкерчилик менен укук айкалышат.
Мирлан Орозбаев, серепчи:
-- Соцтармак мурункудан да кеңири колдонула баштады. Бирок, эл мурункудай “хайп” жараткан жаңылыктарга ишенип, артынан чуркабай калышты. Себеби, элдин сабаттуулугу өсө баштады. Мурун жаңылык же маалымат жетишсиз болуп, эл укканга, анан окуганга ишенчү. Азыр баардык тармакта маалымат жетиштүү болгон үчүн, эл ар кандай көз караштагы булактар менен салыштырып, анан жыйынтык чыгарганды билип калды. Ачыгын айтканда, эл манипуляциядан тажады.
Саясый күрөштөр пиарсыз болбойт. Бирок, бир эле маалыматты бир канча адам туруктуу жайылтканы элди тажатып жиберет экен. Саясатчылар бийликке оппозиция болгон учурда бир болушат, анан колдоруна кызмат тийгенде эле бири-бирине каршы болуп чыга келишет. Таңгалганым, саясый талаада душманы жок болсо, анда ич ара (дворцовый) тирешүүлөр боло баштайт экен.