Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Америкада миңдеген адамдар кайтыш болуп, моргдо орун жок”

“Америкада миңдеген адамдар кайтыш болуп, моргдо орун жок”

20-апрель, 14:31
646 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда коронавирустан АКШнын Нью-Йорк шаары катуу жабыркап турат. Бул калаада күнүнө жүздөгөн адам каза болууда. Ал эми ушул шаардагы ооруканада иштеп жаткан биздин мекендешибиз Нуркыз Эшенова "Спутник" сайтына маек берип, төмөндөгүлөргө токтолгон.

Мен иштеп жаткан ооруканадагы бейтаптардын 99 пайызы COVID-19 инфекциясын жугузуп алгандар. Нью-Йоркто вирус жуктургандар өтө эле көп болгондуктан, ооруканага абалы оор бейтаптар гана кабыл алынууда. Калгандар үйдөн дарыланууга аргасыз. Абал оор. Коронавирус жуктуруп алгандардын саны күндөн-күнгө көп катталууда. Ооруканадагы бейтаптардын көбү дем ала албай, кычкылтекке туташтырылып жатат. Америкада күнүнө миңдеген адамдар кайтыш болууда. Оорукананын ичиндеги өлүкканада орун жок. Сырттагы эки контейнер да өлүккө толуп калды. Эксперттердин айтымында, апрелдин акыркы жумаларында Америкада коронавирустан жабыркоонун жогорку чеги катталат. Ал эми майда басаңдайт деп жатышат.
 
Бир айдын ичинде эле Америка боюнча 36 миң адам оорудан каза тапты. Көбүнчө бронхиалдык астма, кант диабети, жүрөк кемтиги өңдүү өнөкөт оорусу барлар бул вирустун курмандыгы болууда. Каза болгондордун арасында жаштар да бар. Иммунитети начарлар коронавируска туруштук бере алышпайт".

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер