Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камчыбек Кыдыршаевич, Кудайдан кийинки үмүтүбүз сизде калды

Камчыбек Кыдыршаевич, Кудайдан кийинки үмүтүбүз сизде калды

28-ноябрь, 09:00
732 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевге

Кайрылуу

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

Учурда мен жалгыз бой эне, майып кызым менен көчөдө калдым. Апам Жеңишкан Курманбаева 1994-жылы сатып алган үйүбүздүн мурдагы ээлери учурунда каттатып бербей, качып жүрүп, өткөн жылы сатылма, абийирсиз, акчанын кулу болгон соттордун жардамы менен алып коюшту. 30 жыл аралыгында келишпей, дайынын таптырбай, өздөрү качып жүрүп, кийин апам каза болуп калгандан пайдаланып, азыр ээлик кылып жатышат. Акчанын кулу болгон сотторго бере турган акчабыз жок, биз маңдай терибиз менен сатып алган, андан кийин курган 6,380,000 сомдук жалгыз үйүбүздөн айрылып калдык. Үй талашып, соттошкон төрт жыл аралыгында бул үйдү талашып алган адамдар мурда соттолуп чыккан кылмышкерлер экенин далилдеп берсек дагы учурда эч чара көрүлгөн жок. Ошондуктан, акыркы үмүтүбүз Кудайдан кийин эле сизде болуп жатат. 

Кымбаттуу Камчыбек Кыдыршаевич! Мендей жалгыз бой энени жеке өзүңүз 3 эле мүнөткө кабыл алып коюңузчу, сураныч?! Сатылма соттордун айынан көчөдө калып, арга кеткенде датымды угар деген ниет менен кайрылып жатам. Учурда бул иш кайрадан соттук кароого келди. Бирок, биз сатылма сотторго эч качан ишенбейбиз! Биз Кудайдан кийин эле сизден үмүт кылуудабыз. Ошондуктан, 3 эле мүнөттө кыска-нуска датымды угуп, болгону адилеттүүлүктү гана камсыз кылып берүүңүздү суранам!  


Сиздин түйшүктүү ишиңизге ийгилик каалаган Бишкек шаарынын тургуну Жылдыз Бейшекеева

Тел.: 0707-45-38-79 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер