Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Артур Медетбеков: “АКШ базасы Кыргызстанга келсе, стратегиялык өнөктөш өлкөлөр менен мамиле бузулат”

Артур Медетбеков: “АКШ базасы Кыргызстанга келсе, стратегиялык өнөктөш өлкөлөр менен мамиле бузулат”

17-июнь, 20:47
1 147 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жакынкы аралыкта АКШ базасы Афганистандан чыгып, Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга базасын орнотууга аракеттерин көрүүдө. Демек, алар Афганистандагы өз миссиясын аткарып бүтүштүбү?

-- Албетте, АКШ базасы Афганистандын армиясын, полициясын курууга, бийликти орнотууга жардам берди. Бирок, анын баары ондогон миллиард долларлардын эсебинде ишке ашты. Мына ушуга карабастан, ал өлкөнүн 50 пайыздан ашуун территориясын талибан, эл аралык деңгээлдеги террористтик, экстремисттик уюмдар, анын ичинде “Жакынкы Чыгыштан Борбор Азияга согуш жагдайын жасайбыз” деген ДАИШ деген чоң террористтик уюмдар көчүп, которулуп келишти. Демек, АКШ баштаган иш аягына чыккан жок.

-- Эгер андай болсо, эмне үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн бирине базасын орнотуп калгысы келишүүдө?

-- Алар Афганистандан чыгып кеткени менен Борбор Азиядан чыгып кеткиси келбейт. Ага себеп, бүгүнкү күндө Америка үчүн бул аймакта чалгындоо иштерин жүргүзүүгө, көзөмөлдөөгө абдан чоң шарттарды түзөт. Ал эми алар билдирип аткандай, АКШга Борбор Азиянын коопсуздугу аябай зарыл болсо, терроризм, экстремизм менен катуу күрөшкүлөрү келишсе, анда эмнеге Афганистандан чыгып кетип атышат? Эмнеге баштаган иштерин аягына чыгарбай, коңшу мамлекеттерге кирүүгө аракет кылууда? Бул жерде чоң саясат жатат. Мындай саясый оюнда Кыргызстан өз ордун туура баалап, стратегиялык өнөктөштөрү менен кол үзбөөгө аракет кылышы керек.

-- Америка базасы Кыргызстанга же башка коңшу өлкөлөргө жайгашып калышы мүмкүнбү?

-- АКШ базасын Кыргызстанга жайгаштыруу иш жүзүнө ашпай турган болуп калды. Аны эки жагдай менен түшүндүрсө болот. Биринчиден, Кыргызстан ШКУга жана ЖККУга мүчө болгондугу. Экинчиден, Кыргызстан–Кытай–Россиянын акыркы кезде  жогорку деңгээлдеги экономикалык, саясый алакасы күчөп турган мезгили. Ал эми Россия менен Кытайдын Америка менен мамилеси өтө сууп, кээде кандайдыр бир опурталдуу жагдайларды түзгөн учурлар болгон. ЖККУга мүчө өлкөлөргө тышкы жактан кооптуу аскердик бөлүктөр кире турган болсо, анда ошол уюмга мүчө катары уруксат алыш керек. 

Туура, акыркы убактарда АКШ бир эле Кыргызстанга эмес, коңшу Тажикстан менен Өзбекстанга да базасын орнотуу аракетин көрүп атат. Бирок, алар деле негизги стратегиялык өнөктөш өлкөлөр менен мамилесин бузбаш үчүн базаны киргизүүдөн баш тартат го. Аныгында, “АКШ базасын өлкөбүзгө орнотуу керек” деген айрым аракеттер болсо, анда Кытай менен Россиянын Кыргызстанга болгон каршы пикирлерине жана экономикалык кризистерге алып келиши ыктымал. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер