Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Муканбетов: “Кошой сындуу аксакалыбыз Туйгунаалы Абдраимовду президент кылып алсак...”

Сабыр Муканбетов: “Кошой сындуу аксакалыбыз Туйгунаалы Абдраимовду президент кылып алсак...”

05-май, 09:56
903 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сабыке салам! Айт маарек болсун, май майрамдарың менен куттуктайм! Майрамдык маанай кандай?

-- Айтканың келсин, бирге болсун Суке! Баары жакшы, Кудайга шүгүр, эл катары. Өзүң кандайсың досум?

-- Геосаясаттан бир собол, анан ички саясаттан уланталы. Алды менен Украинадагы абалды талкуулайлы, сөз үстүндө суроолор чыкса камтып кетебиз. Кечээ Украинанын коопсуздук кеңешинин катчысы Данилов “Украина Россия менен эч качан тынчтык келишимге барбайт, Украина жеңди, Россия капитуляцияга кол коёт” дегендей маанидеги сөз айтты. Бул канчалык чындыкка жакын? 

-- Эми өзүңөр көрүп атасыңар, Батыш канчалык отко май куйганга аракет кылбасын, майнап чыккан жери жок. Украинанын согушка жарамдуу күчтөрүнүн баары, 150 миңге жакын аскери чыгышына ЛДНР багытына, анан Мариуполго топтолгон болчу. Мариуполь бошотулду, Донбасста котелдо курчалган украин аскерлери менен нацбаттар четинен кысылып, жок кылынып атат. Башка жактарында согуштук аракеттер, каршылашууга жарамдуу аскердик түзүмдөрү дээрлик жок. Киев, Харковь, Чернигов багытындагы аскерлери негизинен даярдыгы начар тероборона менен штаб келемиштеринен турат. Аскердик бөлүктөр толук комплектелбей, мобилизациянын үчүнчү толкуну башталды, призывниктер дезертирлик кылып качып, жашынып жүрүшөт. Себеби, алар да жеңилишерин, бекер өлүм экенин түшүнүшөт. Одессаны Мариуполго окшош чепке айлантуу максатында даярдыктар көрүлгөндүктөн, шаарды талкалабай блоктоп, аэродромдору менен башка аскердик объектилерин гана таамай атчу куралдар менен согуп атат. 

Донбасс котелу талкаланып бүткөндөн кийин абал кескин өзгөрөт. Батыштан келип жаткан оор куралдар кирип, топтолгон жеринде талкаланып, ГСМ сактоочу жайлар талкалангандыктан фронтко жетиши күмөндүү. ПЗРКлар эле жеңил машине менен жеткирилсе, аны да толук колдоно алышпай, ок-дары, курал-жарак сактоочу складдары орус аскерлеринин колуна түшүп аткан видеоматериалдар толуп кетти. Украина тарап компьютердик оюндардан эпизоддорду кыркып, фейк жасап тараткандан башка эчтеке кыла албай, айласы куруп турат.  

Абаны толук көзөмөлгө алган Россия ВКСи Украинанын батыш, чыгыш, түндүк, түштүгүнө карабай, дээрлик аскердик объектилерин талкалап койду. Санкциялардын кесепети өздөрүнө да катуу тийе баштаган Батыш “санкциалардан пайда жок экен, токтотушубуз керек” деп ачык айта алышпай, АКШдан корконунан араң чыдап, акырындан “кыңшылап” жатышат.

Мариуполдон түз алып берүүлөрдө “атышуулар токтоп, жергиликтүү бийлик, жашоочулар шаарды тазалап, жолдорду ачып, граждандык бийлик ишке киришип, жай тургундар көчөгө коркпой жайнап чыгып, нациктерден кутулдук” деп сүйүнүп жатышканын көрүүгө болот. 

Азовстальдын жертөлөсүнө кире качып, жай тургундарды “тирүү калкан” кылып аткан “Азов” нацбатынын калдыктарын штурм кылбай сырттан камалоого алып коюшту. “Күн көрбөй, азык түгөнгөндө өздөрү чыгат” дешкени да эң туура болуптур. Алар “куткаргыла” деп ыйламсырашып, ООНго, Эрдоганга кайрылышса да эч жардам жок, өлөрүнө көздөрү жетип турат. Анан ошондой кырдаалда акылынан айныган Байден Украин бийлигине 33 млрд. доллар бөлсө, ошого шерденген келесоолор “биз жеңдик, биз жеңебиз!” дешип, өздөрүн өздөрү жубатып, аскерлеринин духун көтөрүү аракетин жасап, анысы эч кандай эффект берген жери жок.   

Санкциядан санкция кабыл алып, Украинаны курал, акча менен шыкактап жаткан АКШ менен НАТОнун беткабы сыйрылып, Россияны алсыратып талкалоо алардын негизги максаты экени ачыкталгандан бери “Россия баскынчы, байкуш Украинаны басып, кырып атат” дегендер азайып, негизги баскынчы, согуштун себепкери ким экенин түшүнө башташты. Американын арам ою өлкөлөрүн талкалап, тоноо экенин сезген Россиянын калкы бир муштумдай түйүлүп, “атайын операцияны” аягына чыгарууну талап кылып жатат. Орус бийлигинин рейтинги 80%га көтөрүлүп, Батыш лидерлериники 30%дын тегерегине ылдыйлады.

Чыгыш Украинадагы орус улутундагы жарандар 2014-жылы бийликти басып алган “бендерачылардын” бийлигин кабыл албай, 8 жылдан бери багынбай согушуп келгенин, Украинаны элитасы менен нациктери сатылып, субъектностунан ажырап, сырттан башкаруу кирип калганын, Украина башынан биримдиктүү, бирдиктүү улут эмес экенин эске албай, согуштун негизги себептери эмне экенин түшүнбөй эле чамынып аткан, Украинага чейин эле орусту жек көргөн руссофобдор да бар. Аларга “эй, койгула, орус менен союздашпыз, мамилени бузбагыла, кесепетиңер тийет” десең бүттү, “орускул” деп беттен алат. Өзү Американын кулу болуп атканы менен иши жок. Россияны алсыратып, талкалап, тоноону көздөгөн сырткы душман АКШнын айынан ушул коогалаң башталганын уккусу да, түшүнгүсү да жок. Батыштын боткосуна тоюнуп маңкурт болуп калган көрпенделерге Америка гана чындыктын борбору, демократиянын үлгүсү болуп калганы ачык көрүнүп турат.

-- Кыргызстанга келели. Биздин ал-акыбал кандай? Биздеги саясый кырдаалга кандай баа бересиң?

-- Ар кандай. Чалды-куйду, өйдө-ылдый, жаман-жакшы аралаш. Жакшысы, кыштан чыктык. Бийлик макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү көзөмөлгө ала алды, дефолт прогноздогондордун оозу жабылды. Кумтөр Кыргызстанга кайтарылды. Энергетикалык кризиске, суунун тартыштыгына карабай, элди жарыксыз калтырбай, кыштан чыктык. Бир топ чоң долбоорлор ишке ашырыла баштады. Бюджет кызматкерлеринин, медицина тармагынын айлыктары көтөрүлдү. Жаздын башы менен мугалимдердин маянасы соңку жаңы таарыхыбызда болуп көрбөгөндөй көтөрүлүп, мугалимдер эле эмес жалпы эл колдоого алып жатканы бийлик үчүн зор жетишкендик десек жаңылышпайбыз. 

Ошол эле учурда сөз эркиндигине чектөөлөр, журналисттерге кысым, куугунтуктоолор, камоолор күч алууда. Коррупцияга каршы күрөш, камап “кустуруу” соттоп бошотууга айланып, коррупционерлер жеңил-желпи кутулуп, соттон акталып, кайрадан бийлик бутактарына конуп жатышы, “кустургучтар” “кусунду чакалардын” эсебин будамайлап, өзүлөрү семирип, элди да “кусунду” менен оозантып, жактоочу топтоп, жаман үйрөтүп атканы тууралуу кептер эл ичинде кеңири жүрүп, бийликтин кашыктап жыйган абийирин чөмүчтөп чачып жатканы да бар. Андайлардын тагдыры аянычтуу бүтөт...

Бийликтин жакшы иштерин санап колдогондор “мугалимдер, врачтар, бюджеттегилер, молдолордун көңүлүн алды, административдик ресурсту эсепке алсак, Садыр Жапаров экинчи мөөнөткө жеңил-желпи шайланат” деген божомолдор да реалдуудай сезилет. “Жок, эмкисиндеТашиев шайланат” дегендер да бар. Бирок чынында эле бул бийлик ушул темпте иш алып барганын улантса, жакырчылык каптабай, элдин турмушу көтөрүлө баштаса, чынында эле Садыр Жапаровду шайлоодон утуш кыйынга турат.

Бирок... “Бироктун бир огу бар” дегендей, сенин жакшы-жаманыңа, адилет же акмак экениңе карабаган бир геосаясат деген күч бар. “Кул жейм дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” дегендей, ошол күч баарын аныктап, баарын чечип коёру да белгилүү. 

Садыр Жапаров да ошондуктан, орус-украин чатагы боюнча нейтралдуу позиция карманууга аргасыз болду. Анткени чамабыз чарк. Батыш уйпаласа аргабыз кетип каларын түшүнгөн союздашыбыз Россия деле аны туура түшүнүп турат. Себеби, биз Батыштан жапа чексек, аны компенсациялап жардам бере албайт, өзү кыйналып жатат. Бирок, ошол эле учурда проамерикалык жарандарыбыздын Батышка, оруска жеткизе ызылдак салышы геосаясатка да өз таасирин тийгизип жатканын айтуубуз керек. 

Ошондон улам, акыркы кездерде серепчилердин көбү негизги стратегиялык өнөктөшүбүз Россиянын бизге ичи чыкпай кекене баштаганын айтып жатышат. Ал чын болсо, орустардын украиндерден колу бошой түшүп, Кыргызстанга карай бир-эки ирет “ваф-ваф” десе кантээр экенбиз? “Эти эмес табагын таппай атам”  демекчи, экинчи мөөнөт эмес эртеңки күнүбүз караңгылай түшүшү да мүмкүн. Анүчүн күнү-түнү тынбай чебелектеп, Батыштын тегирменине суу куюп, орус-кыргыз өнөктөштүгүнө чагым салып, элибиздеги стабилдүүлүккө шек келтирип аткандардын тизгинин тартуу керек. Болбосо, алар министрлерден бери жакалап, айтканын жасатып, өздөрү эле билип атышкандай. А кесепетин эл тартат да.

-- Сөз эркиндиги, адам укугу, куугунтуктоолор, камоолор тууралуу жогоруда кеп болду. Өткөн жумада БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айыптоо менен камакка алынды. Бул тууралуу кандай ойдосуң?

-- “Туйгунаалы Абдраимов БШКнын төрагасы болуп турганда кызмат абалынан пайдаланып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн кыйнап-кыстап, өзүнө тийешелүү фирмага таштанды төккөн полигондун жеринен кестирип алыптыр” деп айыптап камакка алышыптыр. Анан ошол “Кайнар” деген фирма таштандыны жок кылууда санитардык нормаларды сактабай койгон экен.

Биринчиден, айыл өкмөттүн башчысы БШК төрагасынын карамагына кирбейт, ага баш ийбейт. Ошондуктан “кызмат абалынан пайдаланып” деген айып туура келбейт. “Кайнар” фирмасынын санитардык нормаларды сактабаганына акционердик коомдун жетекчиси эмес, аткаруучу директор жооп берет. Андыктан бул жөн эле саясый куугунтуктоо, өч алуу десек болот. “Алмазбек Атамбаевди колдоп сүйлөп, бийликти сындап интервью бергендерине байланыштуу Камчыбек Ташиев эскини козгоп атат” деп ЖМК кызматкерлери айтышты.

Туйгунаалы Абдраимов БШКнын төрагасы болуп турганда шайлоодо Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда “атаандашын токмоктоду” деген айып менен мандат албай калган. Шлёпка кийип барып мушташканын укканбыз... 

Чүйлүктөрдүн баары “ошону кектеп, өчүн алып атат” деген маалыматтарды айтышууда. Ташиев кектесе ошол арыз жазган атаандашын, тандемдеш болуп туруп Атамбаевден коркуп сатып кеткен Бабановду кектеши керек болчу. 

Туйгунаалы Абдраимов, Өмүрбек Текебаев, Сооронбай Жээнбеков, Турсунбай Бакир уулу, мен жана башкалар – биз Кыргызстандын ар кайсы бурчунда окусак да, окууну чогуу бүткөн курбалдаш классташтарбыз. Биз азыр пайгамбар жашынан өтүп, аксакал болгон кезибиз. Биздин арабыздан хандан, бектен кайра тартпаган өткүрүбүз, кезинде бүт Кыргызстан чөгөлөгөн Рысбек Акматбаевди “бандитке мандат бербейм” деп ордуна койгон Туйгунаалы Абдраимов бүгүнкү күндөгү кыргыздын Кошой сындуу аксакалы (!) десем жаңылышпайм. Аны кордоп камоо – жалпы кыргыз аксакалдарын кордогонго тете. Керек болсо аны президент кылып алсак, кыргыз көрүнгөнгө кор болбой, өз эгемендигин сактай алат. Садыр Жапаров ушуну эсине алса жакшы болмок. 

Камчыбек Ташиев баш көтөргөндөрдүн баарын эле баса калып “сындырам”, “кустурам” деп эле опурулуп, эки жылдан бери бир топ “иш” кылды. Анын кылган иштерин сындап, жеке кызыкчылыктар көп орун алгандыгы тууралуу “кусуп”, камалгандар тарабынан айтылып жүрөт. Өлкө үчүн душманын көбөйтүп алдыбы, же өзү үчүн душман таптыбы (?), аны ал жумуштан кеткенде билебиз. Бу жүрүшү менен кызматтан кеткенден кийин Атамбаевдей болуп түрмөдөн орун таап калышы деле толук мүмкүн... 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер