Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Искендер МАТРАИМОВ,ЖК депутаты: “Кыргызстан үчүн мынча министрликтин, ведомствонун кереги жок”

Искендер МАТРАИМОВ,ЖК депутаты: “Кыргызстан үчүн мынча министрликтин, ведомствонун кереги жок”

18-октябрь, 14:46
776 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Искендер Исмаилович, комитеттин отурумунда бюджетик каражататарды натыйжалуу пайдалануу боюнча аябай жакшы сунуштарды айттыңыз. Чындыгында эле артыкбаш чыгымдар көп болуп жаткандай. 

-- Мына менин депутат болгонума төрт жыл болду, төрт жылдан бери бул маселени көтөрөбүз. Төрт жылдан бери биз бюджетти дефицит менен кабыл алабыз. Социалдык объектилер: мектеп, балдар бакчалары боюнча бизде абдан көп маселелер көтөрүлөт. Ошол эле учурда биз кабыл алган бюджеттин дээрлик жарымы (былтыр премьер-министр 48 пайыз деп айткан, быйыл болсо каржы министрлигинин өкүлү 30 пайыз деп атат. Кайсынысына ишенээрди билбейм) айлык акыларга кетет. Андан башка транспорт, командировка  чыгымдары бар. Ошол эле учурда  пландаштырылган объектилерди толук бүтө албай, өкмөт сынга кабылууда. Өткөндө интернет булактан көрдүңөр, Нарында контейнерден мектеп ачышып, социалдык тармактарда кандай талкуу болду. Бул көйгөйлөрдү чечсе болот. Анүчүн ашыкча чыгымдарды кыскартуу зарыл. 

-- Бизде айлык акыларга ИДПнын 9 пайызы сарпталса, башка өлкөлөрдө 3,5 эле пайызы кетет экен. 

-- Мен 2010-жылы Финляндияда 10 күн окуп келдим. Айыл чарба министри күнүгө жумушка велосипед менен келет экен. Башка министрлер деле кээ бири трамвай менен келет, кээ бири троллейбус менен келет. Биз деле ошого көнүшүбүз керек да. Мына, депутаттар өзүбүздүн машинабыз менен эле жүрөбүз го. Ар бир министрликте жолтандабас машиналар бар. Аларга ай сайын 240 литрден бензин бөлүнөт. Бул бензин албетте, жетпейт, калганын башка беренелерден алышат. Туура, министрге машина зарыл, оперативдүү түрдө бир жактарга барышы керек болот, ал жөнүндө сөз жок. Бирок, орун басарлары кечке кабинеттеринде эле отурат да. Машинасы болсо анын балдарын мектепке, аялын базарга ташыйт. Андан көрө бир дүжүр машинаны коюп койсо, баарына жетишет эле. Анан борбордук аппараттарды болушунча кыскартып, чечүүчү кызматтарга күчтүү кадрларды коюп, ошолордун айлыктарын көбөйтүш керек. Бүгүнкү күндө министрликтер региондордон маалымат чогултуп эле отурушат. Анын баары компьютер аркылуу болуп калган. 

Мен айтып атам, бир эле министирликти эксперимент кылып, кыскартып  көрөлүчү, орун басарларын, машиналарын. Кыргызстан үчүн мынча министрликтин, ведомствонун кереги жок. Швейцарияда алты эле министрлик бар экен. Болбосо бюджети бизден беш-он эсе жогору, эли да көп. 


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер