Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элбарчын КАЛИЛОВА, ырчы: “Жеке жашоомдогу бугумду сууга, жаратылышка айтып алам...”

Элбарчын КАЛИЛОВА, ырчы: “Жеке жашоомдогу бугумду сууга, жаратылышка айтып алам...”

07-октябрь, 08:28
1 240 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Булбул үндүү ырчы кызыбыз Элбарчын Калилова жакынкы күндөрү 11-октябрда “Сак бол, кыргыз” аттуу чоң концертин тартуулаганы турат. Концерт алгач Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда, андан соң Ош шаарында, Кара-Кулжа районунда уланмакчы. Биз бүгүн Элбарчындын алдыдагы жеке концерти, “Кош эми” аттуу жаңы клиби тууралуу кеп козгодук. 

-- “Кош эми” аттуу жаңы ырың, клибиң жаралды. Бул сенин жеке жашооңо байланыштуубу?

-- Бул ыр жаралган учурда жеке турмушумдан бир аз кыйналып жүргөн учурум эле. Маркабай Ааматов акын агайыбыз китептерин берип калды. Махабат тууралуу ырларын кызыгып окуп жүрдүм. Ошол ырлардын арасынан “Кош эми” деген текстти карап, негедир көзүмөн жаш куюлуп, бул ыр капысынан жаралды. Ал ыр жаралгандан көп убакыт өтпөй эле агай юбилейлик тоюна чакырып калды. Анан агайдын юбилейинде ырдап чыктым. Элдин баары көзүнө жаш алып, ырды абдан жакшы кабыл алышты. Мен “жаштар үчүн эле жаралган ыр го” десем, аталар, апалар дагы угуп, көздөрүнө жаш алышты, жакшы ыр жаралганын сездим. Досторум да “жакшы ыр экен, клип тарттыр” деп август айынын аягында клип тарттык. 

-- Бугуңду Ысык-Көлгө айткандай болуптурсуң...

-- Чыгармачылыгымда, жеке жашоомдогу кыйынчылыгымды же кубанычымды жаратылышка, сууга айткан адатым бар. Жаратылыш менен бөлүшүп, бугумду чыгарам. Клипте да ошол образ берилген. Таңдан кечке шарпылдаган Ысык-Көлгө арманымды бөлүшөм. Ысык-Көлдүн өзүнүн образы болуш керек. Жөнөкөй көйнөктөр менен чыга калсаң да болбойт. 

Көлдүн шамалын, чалкып турган убагын күтүп жаттык. Жамгыр төгүп, суук болгон учурда тартылды. Актёр, актриса катары өзүмдүн досторум эле ойноп беришти. 

-- Чоң концерттен кийин жеке жашооңдо да той болорун уктук эле?

-- Ниеттер бар. Бирок чыгармачылыгым тууралуу көп ойлоном. Мен эми чыгармачыл инсан, эл адамы болсом, анан түшүнбөй кысып турса, жеке жашоом кандай болуп кетет? Ушул жагынан коркуп турам. Чыгармачылыгымды өстүрүп, жеке жашоомду дагы бакытка бөлөй турган адам болушу керек. Колдоп, коштоп турса макулмун. Бирок, азырча андай адам жок.

-- Поэзия, кара сөз жазууга да жакындыгың бар экен...

-- 2013-жылдардан тарта Ош драма театрында актриса болуп иштеп баштадым. Башкы каармандардын образын ойноп, ийгиликтер жаралды. Ар тараптан аракет кыла берем. Мурда ыр жазчумун. Илхам келгенде ага обон жаратам. “Ыр жазып бер” деген кесиптештерим да бар. Кара сөз тууралуу айтсам, азыр Илимдер академиясында маданият таануучу болуп эмгектенем. Аспирантурада окуйм. Өз макалаларымда кыргыздын маданиятын тереңирээк жазууга аракеттенем. 

-- Алдыдагы, 11-октябрда өтө турган концерт тууралуу кеп козгосок...

-- Менин устатым Жолболду Алыбаев, анан ата-энем жакшы колдоп жатат. Саамалыкты устатымдын, жакшы агай-эжелеримдин колдоосу менен өткөрүп жатам. “Азыркы учурда өтүп жаткан жакшы-жаман концерттердин баары ашар концерт болуп кетти. Жеке концерт болгондон кийин сенин гана өнөрүңө көп убакыт бөлүнсүн” дейт устатым.  Манас айтам, бийлейм, поэзиядан да көркөм окуулар кошулат. Концертимдин темасы “Сак бол, кыргыз!”.  Кетбуканын сөзүнө жазылган, обонун Жолболду Алыбаев агай жазган бул дастанды ырдап жүрөм. Азыр опурталдуу учур болуп турат. Мекенчилдик сезим менен жаралган, лирика жуурулушан ырларымды тартуулоого толкунданып турган учурум.


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер