Кайнатамдын ичкилиги, жолдошумдун жалкоолугу жанга батты...


Турмушка чыкканыма быйыл 8 жыл болот. Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп эле баш кошконбуз. Үч балабыз бар, шүгүр, улуусу 6 жашта, кичүүсү 1,5 жашта. Азыр кайын ата-энем менен бирге жашайбыз.
Кайнатам көп ичет, кээде 3-4 күндөп запойго кетет. Ичип алса, баарыбыз менен урушат, жаман сөздөрдү айтып, бизди кемсинтет, уруш чыгармай адаты. Өзүнүн кылган ишин кайра-кайра эскерип, башкаларга шылтай берет. Үйдө дайыма чыңалуу, тынчтык жок. Бир жылдан ашты, жолдошум экөөбүздүн мамилебиз да сууп кетти. Уруш-талаш көбөйдү, түшүнүшүү жок. Акыркы күндөрү жашагым келбей калды. Балдарды алып кетип, тынчтыкта жашагым келет. Бирок каякка барам? Жашаган жерим жок, иштебейм, балдарым али кичинекей.
Жолдошум таксист. Тапканы күнүмдүк тамак-ашка эле жетет. Мага акча бербейт, балдардын кийим-кечесине эптеп урушуп жүрүп араң алам. “Чет жакка барып иштеп кел” дейм, көнбөйт. Жалкоолугунан жоопкерчиликти сезбей жүрөт.
Квартирага чыгалы десем ага да макул эмес. Тажадым, чарчадым. Эже-сиңдилер, акыл-насаат айтып бериңиздерчи, эмне кылсам болот? Балдар үчүн чыдайын дейм, бирок жандүйнөм ооруп бүттү...
Элиза











