Рахат Жунушбаева: “Ысык-Көлдү тегерете салынган 840тан ашуун объектиде саркынды сууларды тазалоочу курулмалар жок”


Аз күн мурун Чолпон-Ата шаарында “Таза көл – 2025” аттуу экологиялык мониторинг иш-чарасы өттү. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, экотехинспекция жана Чолпон-Ата шаарынын мэри, ошондой эле “Ысык-Көлдү” сактоо коомдук фонддун төрайымы Рахат Жунушбаева катышып, саркынды суулар кайда агызылып аткан абалы тууралуу маалымат алдык.
Рахат Жунушбаева карындашымды кыйла жылдардан бери билем, көп тармактуу ишкер айым. Чолпон-Ата шаарында өткөн экомониторингде бирге болдук. Ал жерде жайгашкан пансионаттардын саркынды сууларынын абалына бирге көз чаптырдык. “Биздин негизги максатыбыз – Ысык-Көлдү көздүн карегиндей сактап, кийинки муундарга өткөрүп берүүнү бир гана мамлекетке жүктөп салбай, жалпы коомчулук жапа тырмак киришибиз керек” деди.
Албетте, буга чейин көлдү тегерете жайгашкан нечендеген курорттор, санаторийлер, эс алуучу жайлар, пансионаттар, аны менен кошо айыл-кыштактын жашоочуларынын саркынды суулары асманга өзүнөн-өзү жок болуп же көлдөн сырткары табиятка залалы тийгизбей кетип атты дегенден алыспыз. Эсил кайран СССРдин таркашы менен мамлекетибиз эгемен алган жылдан тарта көлдүн экосистемасы да бир топ өзгөрүүгө учурады. Кароосуз калды, аны менен бирге саркынды суулардын абалына жооп берген ишканалар тийешелүү деңгээлде көзөмөл кылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады да.
Кыргыз жергесинин бермети аталган Ысык-Көлүбүз сырты жалтырак болгону менен ичи калтырак абалга туш келгени күн санап байкалганы мекенчил, патриот кызыбыз Рахат Жунушбаеванын да жүрөгүн сестентип баштады. Күн-түнү тынымы жок алектенип атканы белгилүү. Түштүк Корея мамлекетинин саркынды сууларды тазалоо индустриясында эмгектенген ишкерлер менен тереңден мамиле түзүп, инвестиция тартуу багытына жол төшөлдү. Кыбыраган кыр ашат эмеспи. Анын сыңарындай, алгачкы кадамдар өз жемишин берип атканынан кабардарбыз. Алсак, Бөкөнбаев айылында саркынды сууну тазалоочу курулмаларды орнотуу боюнча пилоттук долбоорду баштап отурат. Бул Тоң аймактык ооруканасына Түштүк Кореяда чыгарылган заманбап тазалоочу жабдууну орнотуу. Ал Ысык-Көлдү сактоо максатындагы гранттык жардамы. Наркы 160 миң АКШ доллар. Менимче, бу башталышы гана деп түшүнсөк болот.
Президент Садыр Жапаровдун “Ысык-Көлдү сактоо” боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө жарлыгын фонддун жетекчиси жана жөн гана кыргыз жараны катары колдоп, мамлекет башчынын экологиялык демилгесине кайдыгер карабай, ошол эле учурда эртеңки муунга таза мурас калтырууга чакырык таштап келет. Чынын айтсам, буга чейин Ысык-Көлдү саркынды суулардан сактоо боюнча кайсы бир жарандын, ишкердин же кызматкердин конструктивдүү демилгесин жана иш-чарасын көргөн да, уккан да эмесмин (мүмкүн жаңылып жатам).
“Бирге кыдырдык” дебедимби, көл жээгиндеги пляжга чейин бардык. Андагы эс алуучулар быкпырдай кайнайт. Быйыл өзгөчө көп. Элдин баары эле иш кылбай көлдө эс алып жүргөндөй көрүндү. Анан тыянак чыгарбай коё албайсың, ойлор чабыттап “Көл-Эне” кантип атат (?) дедим. Рахат айымдын айтуусунда, Ысык-Көлдү тегерете салынган 840тан ашуун объектиде саркынды сууларды тазалоочу курулмалар жок экен. Бул боюнча “тез аранын ичинде Ысык-Көлдү сактоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүү, экологиялык фонддун жардамы аркылуу баардык объектиге саркынды сууларды тазалоочу жабдыктарды орнотуу боюнча” деген таризде КР президентине кайрылуу кылганын айта кетти. Эки-үч сааттык экомониторинг иш-чарасында менин баамымда мындан өткөн көйгөй жоктой сезилди.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











