Окумуштуулар коронавирустун келип чыгышы тууралуу сенсациялык версияны айтышты
Американын окумуштуулары COVID-19 боюнча сенсация жарата турган жаңы версияны сунушташты. Алар коронавирусту 2012-жылы ооруну үңкүрдөн жуктуруп алган кытайлык шахтёр жайылтышы мүмкүн деп болжошууда.
American Bioscience Resource Project компаниясынын аткаруучу директору Джонатан Латам вирус адамдын организминде эволюциянын ар түрдүү баскычтарынан өткөн деп билдирди. Аталган маалыматка таянсак, 2021-жылы Ухань шаарында шахтёрлор үңкүрдөн жарганаттар тиштеп алгандан кийин пневмония менен оорушкан. Андан соң Ухандын окумуштуулары ошол эле үңкүрдөгү жарганаттардан COVID-19га 96 пайыз окшош болгон RaTG13 деп аталган коронавирусту табышкан.
Америкалык окумуштуулардын теориясы боюнча COVID-19 варианты пайда болгонго чейин жарым жыл мурдараак аталган белгисиз вирус шахтёрлордун өпкөсүндө өнүктүрүлүп, Ухандагы лабороториядан 2019-жылы кандайдыр бир жол менен сыртка таралып кеткен имиш.
Ошондой эле коронавирус Кытайдагы Модиан үңкүрүндө келип чыгышы мүмкүн деген теорияны дагы өткөн жылы сунушташкан. Аталган вирус бул жайдан 2012-жылы табылган.
Жаштары 30 жаштан 60 жашка чейинки алты эркек жез алабыз деп үңкүргө барып, аны жарганаттардын кыгынан арылткандан кийин катуу кармаган респиратордук инфекция менен оорушкан. Алардын үчөө бул оорудан көз жумган.
Изилдөө алар RaTG13 коронавирусун жуктуруп алганын көрсөткөн. Ухандын вирусология институту вирустун үлгүлөрүн алган.
Индиянын изилдөөчүлөрү RaTG13 вирусу COVID-19га абдан окшош экенин далилдешкен.