Акыркы кабарлар
» Коом » 5-кабаттан боюн таштамак болгон кызды куткарышты
5-кабаттан боюн таштамак болгон кызды куткарышты
10-август, 12:26

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын патрулдук милициясынын кызматкерлери 5-кабаттан боюн таштамак болгон кызды куткарышты. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкан.
Аталган маалыматка таянсак, кечээ 9-августта саат 04:10до 102 кызматына Ош шаарындагы Космонавттар паркынын жанындагы үйлөрдүн биринин 5-кабатынан бир кыз боюн таштамак болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.Окуя болгон жерге дароо жакын жүргөн патрулдук милициянын кызматкерлери барышкан. Алар барган кезде терезенин кырында турган кызды көрүшкөн.
“Кошуналар менен бирге алар 5-кабатка чыгып , квартиранын эшинин талкалап кирип, кызды куткарып калышты. Азырынча кыз эмнеге мындай кадамдарга бармак болгону белгисиз” деп айтылат маалыматта.