Акыркы кабарлар
» Саясат » Ташиев оппозицияга чай берип, учаны Текебаевге тартты
Ташиев оппозицияга чай берип, учаны Текебаевге тартты
21-май, 17:06


Аз күн мурун УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев оппозициялык маанайдагы жоон топ саясатчыларды ресторанга чакырды. Нур уулу Досбол, Исмаил Исаков, Бекболот Талгарбеков, Мамбетжунус Абылов, Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Суваналиев, Сабыр Муканбетов, Камила Талиева, Бектур Асанов, Дүйшөнкул Чотонов ж.б. лөктөр чогулушуп, чер жазыша отурушту. Ток этерине келсек, кыргыздын салты боюнча уча тартыларда Камчыбек Ташиев оппозициянын анабашчысы Өмүрбек Текебаевге сыйлуу устуканды ыроолоптур. Ал жерде “Ата Мекендин” лидеринен улуу деле аксакалдар бар эле, бирок аброю жагынан сыйланды го...
Исмаил Исаков адатынча тырчып, эт жебей кетип калганы эмнени каңкуулайт?..
Aryba.kg











