COVID-19 жүзүн өзгөрттүбү? Инфекционист түшүндүрөт

Россиядагы коронавирус менен ооругандарды дарылоо үчүн “Тез жардам” ооруканасынын медициналык кызматкери Евгений Тимаков коронавирус илдети мутацияланганын жана ал мезгилдүү сасык тумоого окшош экенин белгиледи.
«Мутациянын кесепетинен коронавирус сезондук вирустук инфекция катары көрүнүп, жашына баштады. Учурда анын негизги белгилери — мурундун бүтүшү, тамак оору, ангина, ичеги-карын оорулары болууда. Ал эми жыт билүү сезиминин жоголушу экинчи планга өтүп кетти» деп билдирген инфекциялык оорулар боюнча дарыгер Евгений Тимаков «РИА Новостиге» берген маегинде.
Анын айтымында, коронавирусту кадимки сезондук сасык тумоодон өз алдынча ажырата билүү өтө кыйын. Мындан улам, адамдар көпчүлүк учурда жөн гана сасык тумоо деп ойлоп, өз ден соолугуна кайдыгер карашат жана өз убагында дарыгерге кайрылышпайт.