Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айтунук Бучукова: “Чыныбай Турсунбековдун фестивалы мага стимул берди”

Айтунук Бучукова: “Чыныбай Турсунбековдун фестивалы мага стимул берди”

17-сентябрь, 12:14
633 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын актрисасы Айтунук Бучукова менен баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

-- Айтунук, куурчак театрын эмне үчүн тандагансың?

-- Куурчак театрына окууну бүтүп эле дароо ойлонбой барып орношком. Андан мурун тааныштардан куурчак театры тууралуу угуп жүрчүмүн. Миң уккандан бир көргөн артык дегендей, барып көргөндөн кийин аябай жагып калып, иштөө чечимин кабыл алгам.

-- Куурчак театрында куурчактарды сүйлөтүү чоң түйшүктү, чыгармачылыкты талап кылабы?

-- Албетте, алгач барганда кыйын болду. Мен драма актрисасы болгондуктан куурчактар менен иштеп көрүү да чоң чеберчиликти талап кылды. Башында аксадым. Анткени, куурчак театрындагы актрисалар бир эле учурда беш функцияны аткарат экен. Тагыраагы, денең, көзүң, колуңдагы куурчак жана кыймыл аракет коштогон сөздөрдүн баарын бир учурда жасоо аябай эле оор болот. Эң башкысы, куурчактын ар бир кыймыл аракетин иштеп чыгуу да чоң эмгекти талап кылат. Ошондуктан бул кесип жеңил эмес, түйшүгү түмөн кесиптердин катарын толуктайт.

-- Куурчак театрынын көрөрмандары көппү?

-- Ооба, куурчак театрдын күйөрмандары барган сайын көбөйүп баратат. Айрыкча кичинекей балдар менен алардын ата-энелери бул театрдын туруктуу көрүүчүлөрү. Анткени, куурчак театры – балдардын дүйнөсүнө жакын, тарбиялык мааниси чоң, кызыктуу көрүнүштөрдү жандуу жана жеткиликтүү кылып көрсөтө алган өзгөчө өнөр. Акыркы убактарда куурчак театрында чоңдор үчүн да атайын спектаклдер коюлуп, ар кандай жаш курактагы көрүүчүлөрдү өзүнө тартууда. Демек, күйөрмандар күн санап көбөйүп жатат десем жаңылышпайм.

-- Жараткан образдарың түшүңө киреби?

-Эртеден кечке даярданып, берилген образдарды ийине жеткирип аткаруу үчүн чын дилиң менен берилип ойногондуктан кээде түшүмө кирет. Ишимди сүйгөндүктөн дагы түшүмө кирсе керек...

-- Биринчи жараткан ролуң эсиңдеби?

-Эсимде, Чыңгыз Айтматовдун «Ак Кеме» чыгармасынын негизинде Казакстандан келген режиссёр спектакль койгон. Ошондо мен улмыштагы кыздын образын жараткам. Андан кийин «Саламатсызбы?» жомогунда торопойдун ролун ойногом.

-- Бул театрдын актрисалары бала кыял болушабы?

-- Ооба, бала кыял болушат. Ошондой эле көп актёрлор өздөрүнүн жашынан бир топ жаш көрүнөт. Кээ бир учурда адамдар чыныгы жашын укканда таңкалышат. Көрөрмандардын жапжаш көрүнөсүз деген сөзү бизге кубаныч тартуулайт.

-- “Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалында Чыныбай Турсунбековдун “Кызыл короз” деген ырын көркөм окуп, биринчи орунду алдыңыз...

-Ооба, калыстардын сынынан өтүп, жеңүүчү болдум. Ал фестиваль мага стимул берди. Поэзия фестивалына катышууга чакыргандарга жана көркөм окуунун ажарын ачууга кеп-кеңешин берген эжелериме чын дилден ыраазычылыгымды билдирем.   


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер