Шайлообек Атазов, экс-депутат: “Коррупциянын атасы” Ширшов өлкөдө чардап жүрсө, кандай баа беребиз?”

-- Шайлообек мырза, бийлик кадр саясатын жакшыртуу үчүн эмнелерге көңүл бурушу керек? Эмнеге профессионал адистер чет мамлекетке кетип жатышат?
-- Бийликтегилер кадр саясатын жакшыртуу үчүн мыйзамдуулук, адилеттүүлүк принцибин туу тутушу зарыл. Өлкөдө кадр тандоо боюнча мамлекеттик система жакшы иштебей жатат. Билимдүү, жалындаган патриот жаштар, кесипкөй адистер мамлекеттик жумуштарга алынбай, сыртта калып калууда. Себеби, Акүй-Көкүйгө ишке киргизүүдө дагы деле тууган-урук, тааныш-билиш деген көрпендечиликтен арылыша элек! Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы, көптөгөн министрлер уурулукка шектүү беренелер менен айыпталышып, иштен кетип жатышат. Бирок, эч кандай жоопкерчиликке тартылышкан жок. Демек, кийинки министр деле уйкудан ойгонбойт. Өкүнүчтүүсү, “мамлекетим үчүн жанымды берем” деген идеология жоголуп баратат!
Менин баамымда, мыкты, ишбилги адистердин чет өлкөгө кетип жатканы адилетсиздиктен улам болууда. Кайсы бир адамдарга заказ, подстава менен маски-шоу уюштурулуп карматышууда. Ошол эле учурда мамлекетти тоноп жаткан чоңдун балдары талтаңдап эле Акүйдүн төрүндө жүрүшөт. Президент “саясый чөөлөрдүн” курчоосунда калды. Тазаланбаса, көз боёгон кошоматчы чиновниктер көп. Муну учурунда Жогорку Кеңештин трибунасынан көп эле айтып турдум. Мисалы, башкы прокурор Курманкул Зулушов, өкмөт башчы Акылбек Жапаров, айыл чарба министри, билим министри, экология министри – баары кетишти. Бирок ордуна реформатор кесипкөйлөр келбей жатат. Азыр кадрдык ачкачылык бар. Бул мамлекеттин келечеги үчүн коркунучтуу.
-- Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматынан кетти. Эмне себеп болду деп ойлойсуз?
-- Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кетиши өзүнө эле байланыштуу. Ал жөн гана иштегиси келген жок. Өкүнүчтүүсү, убакытты алды. Кесиптешим, экс-депутат Жусупбек Коргонбай уулу келтирген фактылар боюнча ойлонуучу учур келди. Демек, “учурунда ал туура айтканбы?..” деген суроо ачык бойдон турат.
-- Кечээ жакында эле министрлер кабинетинин башчысы ишке киришкенине карабай, бул кызматка эки адамдын катуу аракет кылып жатканы боюнча маалымат тар чөйрөдө айтылууда. Эгер чындап министрлер кабинетинин башчысы алмаша турган болсо, ал кандай болушу керек?
-- Жаңы келген министрлер кабинетинин башчысын алсак, Акылбек Жапаровдон акылдуу, билимдүү, тажрыйбалуу болбосо жарабайт. Сталиндин “кадрлар баарын чечет” дегени азыр анык билинүүдө. Коңшу өлкөнүн өкмөт башчылары бизге айып койсо, татыктуу жооп бере албай, ийинге кире качкан өкмөт башчы эмнени кыйратат эле? Ага караганда Шыкмаматовдун духу бар экен. Өзүнүн ишкерлерин кордоп, коркутуп, коңшу өлкөлөр сүр көрсөтсө, ийинге кире качканды “үйдө баатыр, жоодо жок” дейт. Мындай катачылыктын баары кадр саясатындагы адилетсиздиктен болууда. Ар ким эле келип министр болуп, бир жыл отуруп, эч нерсе кылбай кете бергидей мамлекеттик кызмат оюнчук машина эмес да! Акылбек Жапаров президентке, Ташиевге жеткирбей кадр саясатында адилетсиздик кылган учурлары көп кездешкен. Учурунда жакшы эле айттык, угушпады...
-- Баса, “Бишкек шаарынын мэри да кызматтан кетет экен” деген сөздөр айтылууда.
-- “Бишкек шаарынын мэри кызматтан алынат” деген имиштер айтылып жаткан болсо, демек, келечекте болуучу парламенттик, президенттик шайлоолорго карата даярдык го...
-- Жогоруда “кадр саясатында адилетсиздик болуп жатат” дедиңиз. Эмнени айткыңыз келди?
-- Мисалы, “энергетикалык коррупциянын атасы” Ширшов өлкөнү аралап эле чардап жүрсө, кандай баа беребиз? Аны эч ким атын атай албайт. Чакан жана орто бизнес өкүлдөрү кайра-кайра куугунтукталып, камалууда. Чынында Ширшов менен Акылбек Жапаров 4 жыл “табакташ” болушту. Акылбек Жапаров “салык маселесинде 30 миллиард кемирген” деп шектелип кызматтан кетти. Бирок ага карабай, биздин кошоматчы чиновниктер кол чаап узатып жатпайбы... Ширшовду чардатып, кыргыздын чоң ишкери, “Аю” компаниясынын жетекчисине иш козгошту го... Адилеттик сакталса, ушундай болот беле?
"Азия Ньюс" гезити