Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлжан Шерипбаева, “Назарньюс” сайтынын редактору: “Буйрутма берген “тварь политик” ким экени кызык...”

Гүлжан Шерипбаева, “Назарньюс” сайтынын редактору: “Буйрутма берген “тварь политик” ким экени кызык...”

07-октябрь, 09:02
874 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Соңку убакта “Азаттыктын” журналисттери Райым Матраимовго маалыматтык чабуул жасап атышпайбы, мунун артында кандай саясат болушу мүмкүн?

-- Ушул жерде америкалык бизнесмен, инвестор, жазуучу жана педогог Роберт Кийосакинин “Бай атам, кедей атам” деген китеби эске түштү. Бай атасы корпорациянын ээси болушуна кеңеш берген. Кедей атасы “тапкыч, акылдуу бол” десе, а бай атасы акылдуу адамдарды өзүнө кантип иштетүүнү үйрөткөн. Көрдүңүзбү, керемет! Көрсө, эки тараптан тең мыкты идея жаралат экен дагы, бирок кандай адамдарды тандап алат, аны эки аталуу адам өзү чечет. Андыктан, дүйнө жүзүн маалымат жактан камсыздап турган “Азаттык” буга чейин чын эле Кыргызстанда гана эмес, баардык мамлекеттерде чындыктын чырагын көтөрүп, өчүп бара жаткан акыйкаттын билигин күйгүзүп келген. Тилекке каршы, акыркы учурда Матраимовдорго гана асылып алганы коомчулукту эки анжы ойго салды. Чыны менен Матраимовдорду каралоонун артында чоң саясат жатат... 

-- Сен жетектеген “Назарньюс” сайтына чыкты го, Ыдырыс Исаков аттуу “Азаттыктын” журналисти кимдир бирөөлөрдүн буюртмасы менен жоктон барды тапканга аракет кылып, Райым Матраимовду каралоого алганбы?

-- Журналист Ыдырыс Исаковду ЖК депутаты Искендер Матраимов бизге берген маегинде “анын болгон окуяга эч кандай тийешеси жок” деген эле. Аудиодо болсо Исаков ачык эле Матраимовдорго каршы туруп атканын билдирип, “бул политика” деген сүйлөшүүсү менен таңкалтырды. Албетте, ага таңкалган жокмун, ал айткан “жогору жактан” кайсы “политик” аларга тапшырма бергенин, “жабыркаган” операторду ким жөнөткөнү өтө кызык болуп жатат. Аны менен бирге эле ортодо өз кызыкчылыгына пайдаланып, журналисттерди “жертва” кылып жиберген “тварь политик” ким экени кызык. Андыктан, болуп өткөн окуяга жалпы “Азаттыктын” жамаатын күнөөлөп кереги жок. Анткени алардын кожоюну башка, алар тапшырманы гана аткарды. Тескери жагы, бир эле инсанды кайра-кайра коомчулукка алып чыга бергени үчүн “Азаттык” өзүн-өзү коомчулукка шектентип койду да, эл арасында бүдөмүк ой жаратты. 

-- Инстаграмда Назик Матраимованын атынан элдин кыжырына тийе турган фейк маалыматтарды чыгарып атышканы ыраспы?

-- Ооба, Инстаграмда matraimova_nazikтин атынан ачылган фейк аккаунтта болгону 75 адам гана катталган. Анын фейк экени айдан ачык эле билинип турат. Каралоонун дагы чеги болуш керек. Бирок бир нерсени унутпашыбыз керек, убагында баатыр кызыбыз Айсулуу Тыныбекованы да аябай тепкилешкен, азыр ал эл оозунда... Анткени “жаманатты болуунун артында жакшылык турат” деп коюшат. 

Ал эми бүгүнкү Матраимовдордун ички душмандары дос болуп, достору кас болуп да калышы мүмкүн. Актактуу киноактёр Жеки Чандан журналист “сиз мыкты актёрлорду кайдан табасыз?” деп сураса, “мага актёрлуктан мурун адамдык сапаты керек, калганын өзүм үйрөтүп алам” деген экен. Эң башкысы, бир жолу келген жашоодо касташуу менен эмес, чыныгы адам болуп өтсөк...


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

"Азия Ньюс" гезити




Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер