Мухиддин Гюмуш: “Бекен Назаралиевдин романын көзүмдүн жашы токтобой атып котордум”


-- Мухиддин мырза, сиз жакында эле кыргыздын белгилүү жазуучусу Бекен Назаралиевдин “Кун” романын түрк тилине которгон экенсиз. Аны которуп калууңузга эмне себеп болду?
-- Аны мага Евразия жазуучулар кошуунунун башчысы, раматылык Якуб Өмароглу сунуш кылды. Ага болсо “бул тарыхты чагылдырган өтө маанилүү чыгарма” деп Кадыралы Коңкобаев агай сунуштаган экен. Мен бул чыгарманы чынын айтайын, көзүмдүн жашы токтобой атып котордум. Себеби, аябай таасир этти. Анткени, адамды ар кандай ойлорго дуушар кылчу күчтүү чыгарма экен. Окуянын кыскача чоо-жайын айтсам, өткөн кылымдын отузунчу жылдары Тыныбек аттуу бир кичинекей бала атасы, агасы менен чогуу Кашкар тарапка качып баратканда өздөрүнүн арасынан эле бир чыккынчы атасы менен агасын намаз окуп жатканда өлтүрөт. Ал эми балага болсо кичинекей деп тийбейт. Ал бала кийин Памирге барып, Рахманкул ханга жолугат, ошол жерде чоңоёт. 80-жылдары советтик аскерлер Ооганстанга киргенде эки орус жоокер менен Мундузбек аттуу бир кыргыз жигит ооганстандык моджахеддердин колуна түшүп калат. Ошондо Тыныбек ажы келет да акча берип, кыргыз баланы бошотуп алат. Үйүнө алып барып, ата тегин, кайдан экенин сураштырганда экөө бир айылдык, акмандык болуп чыгышат... Айтор, аябай чырмалышкан, өтө кызыктуу тагдырлар чагылдырылган.
-- Романды канча убакытта котордуңуз?
-- Эки-үч айдын ичинде го дейм. Анткени, өзүм университетте жумасына 15-20 саат сабак берем. Башка да иш-чаралар болот. Ошондуктан, жумасына үйдө эки-үч сааттан иштеп, которуп бүттүм. Белгилеп койчу нерсе, Назаралиевдин тили абдан жеңил, түшүнүктүү. Китепти Түркияда Евразия жазуучулар кошуунуна караштуу “Bengu” (түбөлүктүү деген мааниде) басмасы басып чыгарды. Нускасы 2000. Китептин бетачаары өткөн соң “аны кино кылып тарталы” деген эки сунуш айтылууда. Түркияда, биздин Манас университетинде аны тартмакчы болгон кишилер бар. Анткени, чыныгы тарыхты, басмачылар кыймылын чагылдырган чыгармаларга кызыгуу күч.
Максат Калыков
"Азия Ньюс" гезити











