Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акыр жүрүп кандай “түшүм” алдык биз, Жарандарды тарга камап кыскандан?

Акыр жүрүп кандай “түшүм” алдык биз, Жарандарды тарга камап кыскандан?

04-апрель, 22:08
819 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Догма жана эркиндик
О Азиям, о Чыгышым, келесиң
Инсанаттын боштондугун тоготпой.
Эркиндикти, эркти, укукту мыкчыйсың,
Өкүмү күч чеңгелиңден бошотпой.

Сырттан туруп пенделердин тагдырын,
Аныкташка мынча эмнеге кумарсың?
Демилгесин байлап-матап инсандын,
Тушаганга айтчы неге куштарсың?

Мен бактылуу болот экем, баш ийсем,
Күн мурунтан орнотулган нормага.
Туура жолду табат элем, түздөнсөм,
Тээ илгертен көндүм болгон догмага.

Эң мыкты адам болот экем, чоңдордун
Көрсөтмөсүн көздү жумуп жаттасам,
Сызып койгон чийиндерден чыкпасам,
Эскерткичти ойлоп жатып уктасам.

Баары каалайт болушумду элпек жан,
Туура жазган окуп берген диктантты.
Каалайт баары кабылдоомду "ляппай" деп,
Жогор жактан таңууланган диктатты.

Түшүнгүн сен, кул эмесмин бүгүн мен,
Баардыгына кол куушуруп тургудай.
Тарбиячы эй, мен саа камыр эмесмин,
Каалагандай ийлеп, жууруп, чойгудай.

Айткылачы, качанкыга чейин мен,
Аныкталам, башкарылам тыш жактан?
Качанкыга башка нокто катынам?
Ээлик кылса тышкы күчтөр эркиме,
Анда менин айырмам не куурчактан?
Айланайын авторитар Азиям,
Атуулуңду пешка сындуу санаган,
Арыласың качан ушул адаттан? –
Жалгыз гана мени ук деген талаптан,
Ар кадамым тейлеп-тескеп жадаткан.

Жок, жок, жок! Тизгиниң тарт эми сен,
Мезгил келди, бошот буту-колумду.
Мен да адаммын, өз эркимче басайын,
Өзүм билип аныктайын жолумду.

Кереги жок мага даяр үлгүңдүн,
Бычам өзүм кие турган тонумду.
Мүмкүндүк бер, көрсөт мага ишеним,
Өз күч менен калыптайын оюмду.

Таңуулаба "тактекенин" ролун,
Жетти мезгил, өзүмдү өзүм билейин.
Өз дүйнөмдү өзүм түзүп жаратып,
Мен турмушка өз алдымча кирейин.
Багытымды өзүм издеп, турмуштун
Бороондорун өз бетимче жирейин.

Догма – эреже, жармашпа эми жакама,
Аткарайын парзды өзүмчө адамдык.
Алып таштачы көзөмөлүң, суранам,
Болоюнчу өзүмө өзүм таандык.

Тумар тутпай бөтөндөрдүн жолоюн,
Өз тагдырым өзүм чеччү болоюн.
Көзөмөлчү эй, койчу мени жайыма,
Болоюн мен өзүмө өзүм кожоюн.

Бирөөлөрдүн оюн оңой кабылдаш,
Бирок аның өз дөөлөтүң боло албас.
Өз пикириң өзөгүңө тамырлаш,
Өзүңкүндөй кымбат нерсе табылбас.
Ич жагыңдан мотор сындуу айланып,
Өтө керек өз ой менен жалындаш,
Бөтөн ойду балдак кылып таянбай,
Өз күчүнө ишенгендер жаңылбас.

Акыр жүрүп кандай "түшүм" алдык биз,
Жарандарды тарга камап кыскандан?
Мына кара, бүжүрөгөн бечара,
Өз алдынча ой чурката албаган.
Бөлөк ооздон жаттап алган сөздөрдү,
Тотукушча кайталоодон талбаган.
Чиновниктин колундагы кол жоолук,
Акка каршы буйрук менен ок аткан.
Бирөөлөрдүн жетегинде жашаган,
Кимге керек күнкарама ал адам.

Көзөмөлчү катуу эреже эй, жумшарчы,
Учурбачы жарандардын үрөйүн.
О мекеним, өстүр эркин уулунду,
Эркин жашап, мен жалбырттап күйөйүн.
Урааныңды коркконумдан жаттабай,
Жүрөгүмдөн чыккан сөздү сүйлөйүн.
Жалтактабай башымды өйдө көтөрүп,
Сыймык менен шаңдуу басып жүрөйүн.
Мекен сага сокурларча берилбей,
Сүйсөм сени көзүм ачык сүйөйүн!..

О Азиям, түбөлүктүү түнөгүм!
Түбү айкөлсүң, мунуңа да күбөмүн.
Катаал тартип эмес сенин тирегиң.
Мээримиң төк мендей эрктүү уулуңа,
Билсең – менмин сенин соккон жүрөгүң!.


Уччу бир боосун үзгөн шумкар болуп...
Отпускага чыктым деп мына бүгүн,
Акмат сен кубанасың барбалаңдап.
Байкап багып карасам, ушу сен эй,
Жашайсың дайым шашып калдалаңдап.
Анан да кээде обу жок жайдарысың,
Көп нерсени аңдабай дардалаңдап...

Чогултуп шаардагы досторумду,
Төрт-беш күн отпускамды майлайм дейсиң.
Жөнөймүн айылдагы курбуларга,
Айылда алар менен чардайм дейсиң.
Акмат эй, бери карап угасыңбы,
Сага бир кеп айтайын, кандай дейсиң?

Жалпы уюктун ичинде жашайт адам,
Ушуга чындап көңүл бөлдүң беле?
Уюкта өз алдыңча болмогуң жок,
Буга сен капа болуп көрдүң беле?

Кожоюндук кылышат керт башыңа,
Жамаат, уюм, мекеме, мамлекет.
Эрежеге чырмалып буту-колуң,
Уюк сени жыл бою эзет, эзет...

А бирок бул жерде бир маселе бар,
Бейкапар жашайт дайым көп жарандар.
Уюкта эркиндиги тумчукканын,
Сезишпейт, туюнушпайт тайкы жандар.
Ой дайранын түбүнө чөкпөгөндөр –
Агымда чамындыдай калкыгандар.

Уюктан, көпчүлүктүн арасынан,
өзүн өзү издебейт мындай адам.
Жүргөн бир катардагы Эшмат, Ташмат,
өзүнүн жеке МЕНин тааныбаган.

Көнгөн ал уюк менен уюк болуп,
Уюктан окчун калса камыгат ал.
Бошотсоң боштондукка өзүң аны,
Кайра эле шол уюкту сагынат ал.

Акмат сен жакын курбу, достор менен,
Уюкта сыйлаш, сырдаш, кучакташкын.
А бирок бүгүн өзүң отпуска алдың,
Сен азыр колдон келсе алыс качкын.
Не керек уюгуңа кайра келип,
Аарыча бир ай бою ызылдаштын?..

Отпуска алдың дос сен эй, тапчы өзүңдү,
өзүң менен кездешчи ушул күнү.
Кубантсынчы өзүңдү – уюгу жок,
Аз күнгө жалгыз калуу мүмкүндүгү.

Жыргал эй, көз ирмемге болсо дагы,
Бошондуң башыңдагы "жүгөнүңдөн".
Эркиңе ээлик кылган эрежеден,
Сүйүнгүн сен ушуга жүрөгүңдөн.
Бошондуң мойнундагы каамытыңдан.
Акмат дос, айтсам сөздүн кыскасынан –
Уюкта күчтөп эркин таңуулаган,
Кутулдуң көпчүлүктүн диктатынан.

Сүйрөгөн алкактагы арабаңдан,
Байкушум, чарчагансың эң абыдан.
Акмат дос, бул отпускаң... аңдап көрчү,
Керемет таалайыңа бир табылган.

Сен бүгүн өзүңө-өзүң таандыксың,
Ойлочу, мындан артык жыргал барбы ай.
Жөнө эми оюн салып ээндикке,
Жайлоого коё берилген араба аттай.

Мен үчүн маанилүү эмес отпускаңды,
Акмат дос эрте алганың, кеч алганың.
Ким менен эс алганың кызык эмес,
Кызык мага эмнеден эс алганың.

Жүрдүң сен уюгундун уу-чуусунда,
Эми сен уюмуңдан алыс болуп,
Сүзчү бир жалгыздыктын деңизинде,
Ойночу, бир жапайы балык болуп.

Ансыз да көп ичинде өтөт өмүр,
өзүңдү жалпылыктан коруп койчу.
Жалгыздыкта – эңсеген боштондук бар,
Көз ирмемге бактылуу болуп койчу.
өзүңдү ээндикте адам сезип,
Асманда ай сыяктуу толуп койчу.

Ансыз да көртирликтин туткунусуң,
өргүсүн кымгууттуктан сенин духуң.
Бир азга өзүң менен өзүң болуп,
Кургурум, көкөлөсүн көңүл кушуң.

Эс алчы тарга кыскан эрежеден,
Айланаңа каланган "керегеден".
Уччу бир боосун үзгөн шумкар болуп,
Аз күнгө, кандай бакыт, сен ЭГЕМЕН!


Деңиз толкунунун ыры
Тынчтыктан издедим мен чын бактыны,
Кереметти келет деп далай күттүм.
Түңүлдүм деңиздеги мемирөөдөн,
Бир түрдүү бу жашоодон тажап бүттүм...

Не таппакмын ың-жыңсыз тынчтыгыңдан,
О деңиз, шайтаныңды козгосоңчу.
Буркан-шаркан түшүрүп көк деңизди,
О бороон, улуп-уңшуп боздосоңчу.

Сок бороон, ышкыр шамал, көтөр мени,
Бозоргон боз турмушум жанга батты.
Сок бороон, сого турган таңың атты,
Салагөр көк деңизге кыяматты.
Ак жалым көккө чыга сапырылып,
Жөнөйүн мен жээкке атырылып...

Боздо бороон, боздо деп жалынайын,
Көздөн учкан көк жээкти, айтчы бороон,
Канчага ичтен түтөп сагынайын?
Ал жакта бир өзүмдү күн-түн эңсеп,
Күткөнсүйт менин жалгыз бак-таалайым!..
Айда мени жээкке кагылайын.
Алдастап алды жакка чамынайын,
Көксөгөнүм – көк аска тигиндеги,
Көк ташка жетип мен бир чабылайын,
Көөдөндөн тең бөлүнүп жарылайын.
Кумарым ич жагымды өрттөп барат,
Айдагын, бир армандан арылайын.
Кучактап көк аскамды жыгылайын,
Көксөөм сууп, анан кийин жай алайын.
Аскага ажыдаардай оролоюн,
Жан жыргап бир ирмемге оңолоюн.
Айтышат, ошо менен бүтөсүң деп,
өлсө өлүп, ошо бойдон жоголоюн!
О аска, тоскун мени, ач койнуңду,
Азоо толкун кутуруп бара жатам,
өңөрүп акуланы алпаратам.
Урамын акуланы көөдөнүңө,
Калтырбай бүт өзүмдү сага чачам.
Кирчи бир менин албуут кучагыма,
Бакыт тап, сага арналган махабаттан!

Алыстагы аңсаткан аска, аска!
Көз ирмемде жыргал бар канча, канча!
Боз турмушта миң жылы жашаганча,
Баталычы бир жолку рахатка,
Сок бороон, ышкыр шамал, ха-ха-ха!


Окурмандын козголоңу
Сөздүн жөнү,
бузулбайт го чынынан,
Айтайынчы,
ичке буккан сырымдан.
Тажап бүттүм акын сенин ырыңдан,
ачык айтсам,
Ырың эмес пырыңдан.
Жададым мен жалыны жок уйкаштан,
Окурманды жондон таптап уктаткан,
Бири-бирине,
жып, жып этип учкашкан.

Кереги жок мага ырлардын,
Тарпы чыккан темалардын үстүндө,
Таз жорудай айланган.
Керек эмес акын мага,
Алкактардын кучагына жашынган.
Керек эмес ырлар мага,
сулууланган,
жылтылдаган, жылмаланган, жышылган.
Окубайм мен ойлоруңду,
Адабияттан адабиятка,
көчүп жүрүп "жыртылган".
О, Аполлон, ачык айтчы,
Зарыл беле,
Бизге пегас бычылган?
Зарыл эмес мага акын,
Атаандаштар жарышында,
Чобур аттай утулган.
Керек эмес ырлар мага,
Калыптарга салынган,
Орден, медаль алыш үчүн жазылган.

Мага керек поэзия,
Алкактарды жара тепкен
Азоо аттай "кутурган".
Куландай оюн салган.
Калыптарга, көнүмүшкө сыйбаган.
Жасалмасыз, жалганы жок
Жаш балача ыйлаган.
Керек мага бейбаш саптар,
"Ээнбаш" сөздөр,
Акындын жүрөгүнөн
Ташкын суудай шаркыраган.
Керек мага ачынган ачуу сөздөр,
Буулугуп жазгы күндөй күркүрөгөн,
Шамалда күйгөн өрттөй дүркүрөгөн!

Керек мага поэзия!
Көңүлдүн түпкүрүнөн атып чыгып,
Окурманга чачыладай чачылган.
Уйкашына улуу ойлор катылган,
Саптарында "чарт-чурт" эткен чагылган.

Керек мага поэзия!
Чындык үчүн чырылдаган.
Бороондой уруп турган.
Чындык деп ач бөрүдөй,
Куу жондо улуп турган.
Керек мага поэзия!
Жашартып жандүйнөнү,
Жамгырдай төгүп турган,
Ичтеги жан сырыңды,
Дүрбүдөй көрүп турган.

Керек ырлар,
Суусаганда,
Кочуштап ууртай турган.
Дүрбөтүп сезимиңди,
Тамырда чуркай турган.

Керек мага поэзия!
Ортоктош кайгы-муңга,
Сын айткан падышага!
Эң керек уйкаш мага,
Уйкашкан Ата журттун чындыгына!


Салижан Жигитов
Чагылган чарт-чурт эткен саптарыңда,
Жалындаган ырларың эстен кетпей…
Үргүлөгөн тынчтыкка бүлүк салып,
Жазган сының жарылган динамиттей...

Көөдөнүңдө көрөңгөң оргуп турган,
Көркөм сөздүн түгөнбөс ырысы элең.
Курч элең Ала-Тоонун бүркүтүндөй,
Мекендин чабыларга кылычы элең.

Калкыңдын калыс сөздүү жакшысы элең,
Сыныңды түз бетке айткан Санчысы элең.
Чындыктын чыркыраган жарчысы элең.
Ата журтуң жайласа басыгынан,
Соорусуна басылчу камчысы элең.

Догманын тоңгон музун талкалаган,
Алкактарга сыйбаган жалын элең.
Мекениң сыркоолосо кыйын күндө,
Тамырын кармап турган табып элең.

Чыдабай чындык сүйгөн ак жүрөгүң
өлкөдө өксүктөргө күйүп өттүң.
Мекенди таттуу сөзгө магдыратпай,
Журтуңду сен башкача сүйүп өттүң.
Калайык бирге болуп өзүң менен,
Чындыгын айткан сенин сөзүң менен.
Эл-журтуң жан кыйналып турган кезде,
Ыйлаган сенин эки көзүң менен!

Сендей жан бу жарыкка сейрек туулар,
Курч юмор, күлкүң эстен кетпей турар.
Тайманбай туура сөздү айтаар чакта,
Салижан кыргызыма жетпей турар.

Быкшып-күйүп түтөбөй бу жалгандан,
Метеордой жаркырап жанып өттүң.
Жазгы үйөрдөй күркүрөп агып өттүң,
Ачуу сөз, сының менен көзүн ачып,
Жамаатты жаңы жээкке алып өттүң.

Ала-Тоонун даанышман аалымы элең,
Улутуңдун ойлогон келечегин.
Сөздөрүң жандүйнөнүн дарысы эле,
Жашарткан жамгыр болуп элет жерин.
Билебиз кызыл алтын кенч экенин,
Кыргызыңа калтырган белектериң.
Көгөрүп-көктөп турар кылымдарга,
Кыргыз жерге сен тиккен "теректериң"...

Шуулдаба теректер, теректерим,
Шуулдасаң жаш төккүм келет менин...


«Кишендеги» тагдыр
О кайран дос, жашап өттүң аңдабай,
Неде экенин тирүүлүктүн маңызы.
Кайран курбу ай, тагдырыңды ойлосом,
Мен тымызын аарчып турам жашымы.

Тулпар атты тушагандай тушадың,
Тумчуктуруп, туйлап турган сезимди.
Кыйнап өттүң айланаңды кууратып,
Кыйрата албай ичиңдеги "кишенди".

Айланаңа коом курса алкагын,
Сен да ичиңе курдуң "Кытай дубалын".
өз жаныңды өзүң кысып кычкачтай,
Ойлободуң сезимдердин убалын.

Талап кылган баш ийүүнү "кыңк" этпей,
Тышкы катаал эрежеге жүгүндүң.
Темирдей бек тартиптердин алдында,
Эки колуң бооруңа алып бүгүлдүң.

Темир тартип алкагында муунуп,
Сезимдериң тышты эңсесе буулугуп.
Сен тараптан кайра жолу буулуп,
"Темир кынга" кирип турду куулуп.

Ачууң келсе, буркан-шаркан түшпөдүң,
Күлкүң келсе, бир жарылып күлбөдүң.
Топчуланып бардык болгон топчуңду,
Качан болсо гезит сөзүн сүйлөдүң.

өзгөлөрдүн көрсөтмөсүн туу тутуп,
өз алдыңча бир жалындап күйбөдүң.
Акыл-эсиң догмаларга берилген –
Сезим үчүн дал өзү эле түрмөнүн.

Залим мүнөз заң-салттарга жутулуп,
өзүңө өзүң чоочун болуп күн көрдүң.
Ич жагыңдан ашып-ташып төгүлүп,
Сен сонунун өткөрбөдүң күндөрдүн.

Сыйбай нукка, толкуп-ташып ыр жазса,
"Тартипсиз" деп сен акынды тилдедиң.
Алда курган "тартиптүүм" ай, кулум ай,
Эркиндиктин эмне экенин билбедиң.

Удургуган сезимдериң кайтарып,
Турду дайым тула-боюң тырышып.
өмүр бою дене жарпың жазылбай,
Карыды эрте бети-башың бырышып.

Жашаганым бакыт деп сен туюндуң -
Авторитар эрежеге окшошуп.
А чынында жашаганың билбедиң,
Чын пенделик бакыт менен коштошуп...

Тагдыр экен, кезек жетип акыры,
Сен да ажалдын алкымына жутулдуң.
Жаның тынып жатып калдың, мына эми,
Байкушум аа, көнгөн каамыт тагынып,
өзгөдөн да, өзүңдөн да кутулдуң.

өкүм күчкө "кыңк" этпеген багынып.
Кургурум аа, көнгөн нокто катынып,
Мына бүгүн бардыгынан эркинсиң,
Денең жайып, жатчы эми бир жазылып...
Чочулаба, көзөмөл жок мүрзөдө,
Жат эми эркин каалагандай "чачылып".
О "тартиптүүм", жатчы сен бир керилип,
Караңгыга каалагандай ачылып...

үлгүрбөдүң чын жашоону көргөнгө,
Эркин жатып,
Жок дегенде бактылуу бол өлгөндө!


Советбек Байгазиев
“Азия Ньюс” гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер