Быйыл күздө күйөөгө тийбесеңиз, анда сизге сөз айтам...
(Индира Куралбековага!)
Сыртыңыздан ар дайым көз салып, жасаган иштериңизди баамдап келем. Жакшы пиарщиксиз. Баардык жагынан төп келген кыз экениңизди билем. Мага чын эле жагасыз. Бир-эки курдай сүйлөшсөк керек. Анда анчейин маани бербептирмин. Кийин гана баалап калдым. Эмнеге? Өзүм деле түшүнбөйм. Балким кеч келген сүйүүдүр...
Негизи сиз менен тоого чыгып сейилдеп, же алыс жактарга кетким келе баштады. Дене мүчөңүз да сонун болсо керек. Балпайып. Кучакка толуп турса, мындан башка керемет барбы? Айтор, кыялдар алып учат. Баса, телефон номериңиз өчүп калыптыр. Мессенджерден кат жазууга ашыгып, бирок кандай ойдо калат (?) деп тынчсыздандым. Дааган жокмун. Туура эмес кабылдап калсаңыз, өзүм да уят болуп калам да. Ооба, ойлор чубалат. Быйыл күздө күйөөгө тийбесеңиз, сизге сөз айтып, тил табышып, жубай кылып алсам, куп жарашмак эле. Акылдуу, идиректүү уул-кыздарды төрөсөңүз, мындан ашкан бакытты элестете албайм. Өмүр учкан куштай эле зымырап өтө берет тура. Сизге суктанып жүрүп, кырктан да ашып кеттим. Убакытты уттурбай, табышсак не? Ансыз да жалган жашоонун кунары кетип турганда, экөөбүз биргеликте баардык кыйынчылыктарды жеңип, үлгүлүү үй-бүлө курат элек...
Бир байке
"Азия Ньюс" гезити