Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чынара Мамажакыпова: “Кыргыз саясатында акча жана бийликтин колдоосу чоң роль ойнойт”

Чынара Мамажакыпова: “Кыргыз саясатында акча жана бийликтин колдоосу чоң роль ойнойт”

06-октябрь, 19:58
496 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Тынчтык” партиясынын лидери Чынара Мамажакыпова менен алдыдагы шайлоо туурасында азыноолак маек курдук.

-- Чынара айым, президент кечээ кайрылуу жасап, мамлекеттик кызматкерлер шайлоого аралашса, жазаланарын эскертти. Бул жолку шайлоодо админресурс иштебей таза өтөбү? 

-- Президенттин «мамлекеттик кызматкерлер шайлоого аралашса, жазаланат» деген билдирүүсү – «таза шайлоо болот» деген үмүт берүүчү коңгуроо. Бирок реалдуулук дайыма сөзгө эмес, практикага байланат. Негизи эле мамлекеттик кызматкер бийлик ресурсун колдонбоого милдеттүү. Шайлоодо эл өз тандоосун жасашы керек. 

-- Чынында шайлоону кандай элестетип жатасыз?

-- Биринчиден, админресурс биздин системада тамырлашкан. Айыл өкмөтүнөн баштап министрликке чейин кимдир бирөөнү колдоп, басым кылып, кызматтык мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга азгырык чоң. Экинчиден, президенттин сөзү саясый белги. Бул коңгуроону күч органдары канчалык аткарат, ошого жараша натыйжа болот. Үчүнчүдөн, эгер коомчулук, партиялар, байкоочулар көзөмөлдү күчөтсө, анда админресурс азаят. Эгер унчукпай койсо, кадимки сценарий кайталанат. Айтайын дегеним, таза шайлоого ишеним арталы, бирок толук ишенүү кыйын. Себеби, эл жана талапкерлер активдүү көзөмөл кылбаса, «таза шайлоо» деген сөз бойдон калышы да ыктымал. 

-- Бу сапар жогору жактан колдоосу жоктор же акчасына таянгандар эмес, чындап эл үчүн иштегендер өтө алышабы?

-- Бүгүнкү кыргыз саясатында акча жана бийликтин колдоосу чоң роль ойнойт. Бирок бул “элдин үнү таптакыр угулбай калды” дегенди билдирбейт. Акча жана административдик ресурстун айынан шайлоо жокко чыккан да мезгилдер болгон. Себеби, акчалуулар үгүттү катуу жүргүзүп, элди сатып алууга аракет кылышат. Админресурс болсо мамлекеттик кызматкерлерди, айыл өкмөттөрүн, бюджеттик кызматкерлерди басымга алат. Бирок, кыргыз эли күтүлбөгөндөй чечим чыгарып коёт. Акча берген күндө дагы шайлоочу кабинага киргенде башкача добуш берип коюшу да мүмкүн.

-- Негизи таза шайлоого мүмкүнчүлүк барбы?

-- Албетте, жакшылыктан үмүт үзбөшүбүз керек. Шайлоону таза жол менен өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар. Эл менен түз иштеген, алардын ишенимин алган талапкер өтүшү мүмкүн. Акчага таянгандар кээде утуп алгандай көрүнсө да, узак мөөнөттө аларды эл колдобойт.

-- Шайлоо күнү БШКнын свети өчүп, сервер иштебей калат (!) деген кооптонуу жокпу?

-- Ооба, коркунуч бар. Элдин ишенбестигин жоготпош үчүн БШК ачык-айкын иштеп, реалдуу көзөмөлгө жол ачышы керек. Шайлоо күнү жарандык коом, байкоочулар, кандидаттар баары биргеликте көзөмөл кылбаса, «свет өчтү» деген шылтоо кайра кайталанышы мүмкүн. Ошондуктан баары мыйзам чегинде өтүшү шарт. Бирок ишенимди сөз эмес, көзөмөл, ачыктык жана жарандардын активдүүлүгү камсыздайт. Эгер талапкерлер, байкоочулар жана эл көзөмөл кылса, шайлоо таза болот. Эгер эл унчукпай койсо, эски сценарий кайталанышы мүмкүн.

-- Бир мандаттуу шайлоонун кандай артыкчылыктарын байкадыңыз?

-- Эл менен түз байланышуу. Ар бир округдан эки эркек, бир аял депутат чыгат, эл аны жакшы билет, жоопкерчилиги чоң. Ошондой эле бир мандаттуу шайлоодо аймактын кызыкчылыгы корголот. Депутаттар «өз шайлоочумдун маселесин чечем» деген мотивация менен иштешет. Эң башкысы, бир мандаттуу шайлоодо партиялык тизмеден кутулуп, «акчасы көптөр» жашынып кире албайт, эл жалпы партияны эмес жеке талапкерди тандайт.

-- Кемчиликтери барбы?

-- Бир мандаттуу шайлоо системасынын кемчилиги акча жана тууганчылык, жердешчилик фактору күчөйт. Ошондой эле тууганчылыктын айынан чоң реформа жасаганга чамасы жетпей, стратегияны көтөрө турган кадрлар өтпөй, айылда таасири чоң, бирок дарамети чакталуулар келип калышы ыктымал. Кыскасы, бир мандаттуу шайлоо эки учтуу кылычтай эле. Таза болсо эл чындап өз өкүлүн тандайт, бузулса нааразычылык күчөп, элдин бийликке ишенбестиги тереңдейт. Бир мандаттуу система элдин үнүн угузса жакшы. Бирок акча менен бурмаланса, нааразычылык гана күчөйт. Демек, негизги маселе системада эмес, анын тазалыгында.

-- Өзүн-өзү тараткан парламент кандай иштеди?

-- Эски парламент өзүн актай албай калды. Коомдун ишеними түшүп, элдин талаптары күчөдү.          Парламент тараганы менен системанын өзү өзгөрбөсөжаңы келгендер да ошол эле жолго түшүп калышы мүмкүн. Ошондуктан чыныгы тазалануу мыйзамдын үстөмдүгү, адилеттүү сот, таза шайлоо болгондо гана ишке ашат.

Парламенттин тарашы – бул жеңиш эмес этап. Бул элге жана бийликке «эскини улантуу мүмкүн эмес» деген белги болду. Бирок чыныгы тазалануу менен жаңы парламент купулга толобу? Эл кандай депутаттарды тандайт, ошолордун жоопкерчилигине жараша чечилет.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер