Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бермет Наралиева: “Жуктуруп алган соң “өлүмгө алып келет” деген стреотиптен алыс бололу”

Бермет Наралиева: “Жуктуруп алган соң “өлүмгө алып келет” деген стреотиптен алыс бололу”

09-июль, 13:55
926 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда COVID-19 пандемиясы бүткүл дүйнө жүзүндө кулачын кенен жайды, анын ичинде бизде да абал оор. Психологиялык Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу, психология илимдеринин доценти Наралиева Бермет Каратаевна менен маек курдук

-- Пандемия учурунда аялдардын орду кандай болду? Психолог катары кандай маселелерди баамдадыңыз?

-- Коомдо аялдар чоң күч. Аялдардын башына түшкөн түйшүк бүгүн пандемия учурунда дагы эсе оорлоду. Үйдө бүт түйшүктү көтөргөн аял, көчөгө чыгып акча тапкан дагы аял – баардык жакка ыңгайлуу экендерин эчак көрсөтүп коюшкан. 

Пандемия учурунда “аял эркек, бай кедей экенсиң” деп бөлүп, эки башка таасир бербей баарына бирдей каптады. Бирок ошол учурдан тартып аялзатынын энчисине түшкөн түйшүк арбыды. 

Эки ай карантинде отурганда балдарды окутуп, үйдөгү эненин да ролун аткарган, баардык түйшүктү мойундарына алган аялзаты болду. Зомбулуктун, жокчулуктун зардабын тарткандар да аялзаты болду. Мурдагыдай көчөгө чыгып, акча таап келүү мүмкүнчүлүгү да жоголду. Ошондо экономикалык кыйынчылык да, үй түйшүгүнүн кыйынчылыгы баштарына түштү.

Медицина тармагында дагы алдыңкы катарда дарыгерлер, медайымдар түйшүктү тартып жүрүшөт. Дүйнө жүзүндөгү статистикага таянсак, саламаттыкты сактоо сферасында эмгек күчүнүн 70%ы аялдарга туура келет. Ушул учурда кыргыз медайымдары да Опол тоодой салым кошуп турган учурлары. Алар эмоция менен ар бир ахыбалга күйүп-бышып, кыйынчылыктарга да кабылып калып жатышат. Кечээ социалдык тармактарга бир медайым “карантин бүткөнчө иштейм, андан кийин өлөм” деген пикир калтырган. Алар кыйналуудан соң физикалык эмес, психологиялык дагы жардамга муктаж болуп калып жатышат. 

-- Дарт жуктурган адамга психологиялык кандай кеңешиңиз бар?
 
-- Албетте, жакшы нерседен үмүт үзбөшү керек. Кыргыз элине тиешелүү касиет бар, өлүп баратса дагы "Кудай буюрса жакшы" деп жооп беришет. Бул дагы болсо позитивдик элементтин бир түрү. Азыркы учурда өзүн жоошутуп, алдап, бир нерсени жашырууга болбойт. Элибизде “Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” дегендей, биринчи эле белгиси байкалса тиешелүү чараларды көрүү абзел. Жуктуруп алган соң дароо эле “өлүмгө алып келет” деген стреотиптен алыс болуп, Кудайдан жакшы нерсени тилеш керек. Медиктердин көзөмөлүндө болуп, шүгүрчүлүк кылуу абзел.


Жамиля Нурманбетова

Aryba.kg

 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер