Акыркы кабарлар
» Коом » Бишкекте эртең менен куралчандар банкты тоноп кетишти
Бишкекте эртең менен куралчандар банкты тоноп кетишти
26-ноябрь, 12:35
3 317 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бүгүн эртең менен белгисиз бирөөлөр Бишкектеги банктардын биринин филиалын тоноп кетишти.
Карактоо фактысы бүгүн эртең менен катталды. Анда Сухэ Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги банктардын биринин филиалы тонолду.
Алдын ала маалыматка ылайык, белгисиз кишилер жеке күзөт агенттигинин кызматкерин сабап, акчасын алышкан. Кылмышкерлерде ок атуучу курал болгон.
Кайсыл банк тонолгону жана канча акча каракталганы азырынча ачык айтыла элек. ИИМ шектүүлөрдү издеп жатат.
Aryba.kg