Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » Саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков иштен бошотулду
Саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков иштен бошотулду
07-декабрь, 12:01

Кабарды министрликтин маалымат кызматы тастыктады. Касымбековдун кызматтан кетишинин себеби жана анын ордуна ким келери айтылган жок.
Мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиевге кылмыш иши козголуп, жумуштан четтетилгенден кийин аталган кызматты убактылуу Жаркынбек Касымбеков аркалап турган. Ал үч айга чукул иштеп (4-июндан 23-августка чейин), Бейшеналиев жапкан жеке менчик окуу жайларды жана клиникалардын кайра иштешине уруксат бериши менен эсте калды.
Жаркынбек Касымбеков 2022-жылдын 4-июнунда саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалган.