“Чала жан” калган Бабанов эртең душмандарын жыландай эле чага баштайт...
“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго сегиз кылмыш иши козголгону кабарланган. Алгач байма-бай сурактарга барып атканын, көздөрүндө коркунуч жаралганын баамдаганбыз. Анан эле баары өзгөрүп, Бабанов Москвага каттап, тойлордо ырдап, айтор, шайма-шай жүрүп калган. Элдин көзү көрөгөч да. Кылмыш иштерин бийлик менен сүйлөшүп, “соодалашканы” кызуу кепти жаратты. Ким менен “чечишип” алышы мүмкүн? Бул жагынан ар ким кыялындагысын божомолдой берсе болот... Эске салсак, Бакиев режиминде, Атамбаевдин бийлигинин учурунда дагы Бабанов саясаттан кеткен. Эми Жээнбековдун тушунда да ошол эски пластинканы айлантып, “алдаркөсөлүк” амалына салуу менен убактылуу оюндан четтеди. Электораты күчтүү, капчыгы калың, коомчулукка сүйкүмдүү БӨТтүн “чала жан” болуп турушу Сооронбай Жээнбеков үчүн келечекте өтө коркунучтуу. Жылан деле чала өлүк болуп, кайра тирилип кетет да. Анан чагат эмеспи. Так ошондой образдан алганда, эртең Бабанов баарынан өч алат. Анан бармагыңарды тиштейсиңер... Кызык, карапайым адамдар учурда болор-болбос кылмыштар, жалаалар менен түрмөдө отурушат. Ал эми Бабановго онго жакын олуттуу иштер козголсо да эркиндикте тайраңдап жүрөт. Мына жалган дүйнөнүн теңсиздиги...
Aryba.kg