Бир кездери мени караанына зар кылган атам азыр жалгыз калды


Атам карып, ооруп, күч-кубаты кетип баратат. Жанында эч ким жок. Ошондо гана баягы таштап кеткен кызын эстеди. Бирок, бул канчалык кеч болуп калганын өзү да түшүнгөн жок окшойт. Ал көп жыл мурун апамды дагы, мени дагы таштап, башка аялга кеткен. Үйдөн жөн эле кеткен жок, бизди турмуштан, мээримден ажыратып, изин суутуп...
Кийин ал уулун чоңойтуп, ага баардык мүмкүнчүлүктөрдү ачып берип, “мына, мен ушундай атамын” деп мактанып жүрдү. Бирок тагдырдын мыйзамы өтө так экен. Аялы каза болду. Өзү ооруп, учурда уулу менен келини аны карагандан баш тартышты.
Ошондо гана "кызым бар эле..." деп эстептир. Айылдагы каралбаган үйүн сунуштап, мага корголоп келиптир. Жүрөгүмдө бук, ыза толтура. Ыраматылык апакем канча боздоп-сыздаганы көз алдымда. Азыр мен андан эч нерсе каалабайм. Кандай гана жалгыз, бечара абалда болбосун, ал өз тагдырын өзү тандаган. Азыр атама болгон мээрим, сезим да жок. Жүрөгүм муздап, катып калган.
Балдарын таштап кеткен аталар, ушуну билип койгула! Кийин жардам суранбагыла. Балдарыңарга өз убагында мээрим төгүп, камкордук көргүлө. Кийин кеч болуп калат.
Айпери
"Азия Ньюс" гезити











