Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубан Чороев: “Финансылык пирамида менен иштеп жаткан кооперативдердин өмүрү кыска”

Кубан Чороев: “Финансылык пирамида менен иштеп жаткан кооперативдердин өмүрү кыска”

19-февраль, 12:09
919 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азыркы учурда турак жай кооперативдеринин саны арбыды. Аларга акча салган калктын саны да күн санап көбөйүүдө. Кооперативдер мыйзамдуу эле иш алып барып жатабы? “Эл алданып калбайбы?” деген кооптонуу жаралбай койбойт экен?

-- Негизи кооперативдер “кооперативдер тууралуу мыйзамдардын” негизинде иш алып барат. Бирок акыркы күндөрү чындап эле Кыргызстанда туура иш жүргүзүп жаткан турак жай кооперативдери саналуу. 

Негизги принциптер менен иштеп жаткан кооперативдер дагы бар. Финансылык пирамида менен иштеп жаткан кооперативдер да көбөйүп кетти. Мындай демилгени аркалагандардын өмүрү кыска болот. Бир-эки жылда эле алардын иши токтойт. Ушул нерсени көзөмөлгө алуу үчүн биздин “кооперативдер тууралуу мыйзамга” өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Жөнөкөй эле өзгөртүү – бул кооперативдер эч качан үй алып бере турган мөөнөттү койбош керек. Эгерде ошондой мөөнөт койсо, анда ал финансылык пирамиданын белгилерине окшошуп калат. Ал эми экинчиден, кооперативдердеги ачыктыкты анын мүчөлөрүнө камсыз кыла турган чектөө киргизүү керек. 

-- Ал кандай?

-- Ар бир кооперативдин мүчөсү канчанчы кезекте турганын ошол жердин онлайн тиркемесинен көрүп туруусу зарыл. Толтура кооперативдер андай ачыктыкты камсыздаган жок. Бул элди алдап жаткандай эле болуп калат. Мындан алты ай мурун пресс-конференция берип айткам, “эгер ошондой өзгөртүүлөрдү киргизбесе, 2022-жылы ондогон, жүздөгөн адамдар жабыр тартып калышы ыктымал” деп. 

Пирамидалык принциптегилер “үч айдан соң же беш айдан кийин аласыңар” деп акчаларын алып коюп жатышат. Алгач башындагыларга алып беришет. Кийин оорурак. Беш айдан кийин алып бере албай калат. Ошондо көйгөйлөр, ызы-чуулар башталат. Кооператив деген – бул качан мөөнөтү келгенин ачык көрүп туруусу зарыл. Ошол кезеги келгенде анан алышат. Ошондуктан мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, эл дагы маалымат билүүсү зарыл деп эсептейм. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер