Ахматбек Келдибеков шайлоонун сырын алдыртан билип, аттанбай койдубу?

Бир мандаттуу Ленин шайлоо округунан Ахматбек Келдибековдун чыга турганы коомчулукта айтылып, бирок ал баш тартып койду. Сыягы, бир билгени бар окшойт. Май айында өткөн мурдагы аламанга да Келдибеков аралашпай, “арты чыр менен бүтөт” деп өзүн таза сактап калган. Натыйжада, бул жолку шайлоо да чуулганга айланып, кайрадан жараксыз абалда калабы? Элдин аң-сезими, туура тандоосу көтөрүлбөсө, акчага азгырылгандар чыга беришсе, бизге анда “машыгуу” керекпи? Ансыз да шайлоого келгендер өтө аз санда экени белгилүү. Бул жолу да элдин табиятын алдын ала баамдап, кайрадан чыр-чатактын ордосуна айланарын Ахматбек мырза билгендей аттанбай койдубу? Эгерде талапкерлигин койсо, жөн эле жеңишке жетмек да. Кыскасы, добуш сатып алуу, мыйзам бузуулар кайрадан катталса, БШК шайлоону жокко чыгарат. Ушул жагын сезгендей эле тизгин тартканында сыр бар...
"Азия Ньюс" гезити