Сырттан каржыланган ЖМКлар Садыр Жапаровго чабуулун күчөттү


Батыштын долбоорлору менен иштеген Кыргызстандагы ЖМКлар Садыр Жапаровдун үй-бүлөсүнө, жакын аткаминерлерине карата журналисттик иликтөөлөрдү байма-бай чыгарышып, катуу атакага өтүштү. Элдин маанайын буруу жагынан камчы салдырбай баратышат. Системалуу түрдө ар тараптан чыгышып, “күрөө тамырды кармагандай” киришкендери ырас. Мунун артында кандай сыр бар? А баса, 2010-жылдын 7-апрелине чейин да Курманбек Бакиевдин бийлигине, анын үй-бүлөсүнө карата чет жактан каржыланган жана Россиянын ЖМКлары катуу чабуулга өтүшкөнү, аягында элдин көзүн ачууга салым кошкондору эсибизде. Азыр да ошондой күрөштүн күрдөөлү жөн жерден башталган жокпу? Бийлик маалымат саясатын оңдойбу? Бул жагынан аксап калды. УТРКга эле таянып отура бербей, жаңы идеялар менен иштеш керек го? Ошого катар ичтен тазалануу да керек...
"Азия Ньюс" гезити











