Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Тез жардам» ооруканасында жаңы жетекчи иштеп жатат

«Тез жардам» ооруканасында жаңы жетекчи иштеп жатат

09-февраль, 22:41
571 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «клиникалык тез жардам ооруканасына» жаңы дайындалган башкы дарыгер Дамир Дүйшөновду президент Садыр Жапаров менен жолуктурганын билдирди.

Бул тууралуу ал 9-февралда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында айтты. Анын сөзү боюнча, Дамир Дүйшөнов «клиникалык тез жардам ооруканасы» болуп өзгөртүлгөн мурдагы травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борборунда 14 жыл иштеген.

“Ал балага айтсам (Дамир Дүйшөновго – ред.) “мен Сабырбек Жумабеков менен жакшымын. Аны менен сүйлөшүп, жумушту алып кетем” деди. Ошондон кийин мен аны президент менен жолуктурдум. Азыр ооруканада ишти өткөрүп алуу болуп жатат. Сабырбек Артисбекович өзүнүн кабинетинде отурат”.

4-февралда Алымкадыр Бейшеналиев травматология жана ортопедия илимий борборунун директору Сабырбек Жумабековду кызматтан бошоткон. Борбор жоюлуп, ордуна «клиникалык тез жардам ооруканасы» иштей баштарын билдирген.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер