Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Валентин Богатырев элдин биримдигине шек келтирип, бөлүп-жарууга баратабы?

Валентин Богатырев элдин биримдигине шек келтирип, бөлүп-жарууга баратабы?

07-август, 13:15
1 658 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ар качан кыргызга акыл үйрөтүп, өзүн ааламда жок кеменгер сезген, Кыргызстандын ички саясатына башын тыгып, андан ар убак жеке керт башы үчүн гана кызыкчылык издеген Валентин Богатырев деген бирөө бар. Канча жылдан бери Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусун, эл аралык алакасын, ички саясатын сындап келе жатат. Жөн гана сындабастан кылдан кыйкым издеп, айткан-дегенинин аркасында өзүнүн көмөчүнө күл тартууну да унутпайт. 

Бул эргул кезинде Акаевдик “Алга Кыргызстан”, Бакиевдик “Акжол”, Атамбаевдик КСДПнын башкы идеологу да болгон. Таӊкалычтуусу, азыр ал партиялар кайда? Ал лидерлер кана? Ал эми Богатырев улам кайра бир партиянын “тонун жамына кала” саясый аренада дале “акыл кошчулук” мүдөөсүн арттырып келет. Мындай кишилер бир эле партияны же президенттин саясатын талкалап жок кылбастан, мамлекетти да түп орду менен талкалап жиберүүдөн кайра тартышпайбы? Анткени, Богатырев эч качан Кыргызстандын бүтүндүгү, элдердин ынтымагы, өнүгүү багыттар тууралуу кеп салбайт. Качан болсун кырчаӊгыланып гана турат. Аныгында анын жасалма жана бузуку пикиринин эч кимге кереги жок. 

Өкүнүчтүүсү, Валентин Богатырев заман алмашканын, муун өзгөргөнүн түшүнгөн жок. Ал өӊдүү калжаӊдаган, картаӊ “саясый өлүктөрдүн” доору өттү. Бирок, ал түшүнбөгөнү менен Кыргызстандын эли анын арам ойго толгон куру дымагын эбак окуп бүткөн жана анын “сасыткы” акылына куштар эмес.

Валентин Богатырев маалыматтык саясый айдыңда кайрадан пайда болуп, өзүнүн кезектеги "көзү ачыктыгын" кылды. Бүгүнкү кыргыз бийлигинин аракеттерине баасын берген болуп, элдин биримдигине шек келтирүүчү, бөлүп-жарган маанайдагы пикирлерин айтты. Түшүнгөн адам Богатырев максаттуу түрдө учурдагы кыргыз бийлигинин аракеттерине "сокку" уруу менен эл алдында аброюн төмөндөтүүнү көздөп жатканын байкай алат. Ага окшогондордун тигил же бул маселе боюнча ойлорун айтып, пайда болуулары кокустук эмес. Демек, алардын ооздору менен пикир, көз караштарды кыргыз коомчулугуна таңуулоо, элдин маанайын билүү аракети жүрүп жатат (!) деп ойлосок жаңылбайбыз. Мындайда "ит үрө берет, кербен жүрө берет" деп ишибизди уланта бергенибиз оң. Бул өңүттөн алганда, Валентин Богатыревдун айткандарын бута катары кабыл алалы. Эми чуулгандуу серепчи унчуга баштаган болсо, демек саясый багытыбыз, кадамдарыбыз туура.


Бекбол Айдаров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер