Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Кашкар Жунушалиевдин криминал менен күрөшүүгө духу жетпей калдыбы?

Министр Кашкар Жунушалиевдин криминал менен күрөшүүгө духу жетпей калдыбы?

18-сентябрь, 10:59
2 254 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Соңку убактарда ИИМдин жетекчилиги басма сөз кызматы аркылуу коомчулукка элдин милицияга болгон ишеними жогорулаганын байма-бай жарыялганы – көнүмүш адатка айлангангандай болуп калды. Ушул жерден суроо туулат: кайсы критерийдин, же болбосо кандай форматта сурамжылоонун негизинде мындай тыянакка келишти? Коомчулукка белгисиз...

Азыркы министр Кашкар Жунушалиев 100 жылдык тарыхы бар кылмыш иликтөө кызматын жоготуп, чыныгы кылмышкерлер менен күрөшкөн кызматкерлердин колу-бутун байлап, милициянын аброюн буга чейин болуп көрбөгөндөй түшүрдү! Кылмыш иликтөө кызматы 1918-жылы 5-октябрда РСФСРдин НКВД базасында атайын буйруктун негизинде “Об организации отдела уголовного розыска” деп түзүлүп, 2019-жылга чейин өз ишмердигин так аткарып, милициянын алдыңкы катардагы абройлуу жүзү болуп келген. Бул кызматты аркалап келген жетекчилер дайыма ИИМдин башчылыгына көрсөтүлүп, кыргыз милициясын башкарып, милдеттерин так аткарып келишкен. Практика жүзүндө мындай кадрдык жүрүштөр бизде гана эмес, бүт шериктеш мамлекеттерде да колдонулуп келет. Себеби, бул кызматты өтөгөн жетекчилер тайманбас, кылмышкерлер менен аёосуз күрөшүшүп, дайыма оперативдик кырдаалды өз убагында көзөмөлдөшкөнү менен өзгөчөлөнүшкөн. 

Ал эми бизде кандай? Бизде ИИМди өмүр бою “участковый” жана нөөмөт бөлүмдөрүндө иштеген жетекчилер башкарып келүүдө. Бир мезгилде мурдагы ажобуз А.Атамбаев: “Мен билбей дайындап алыптырмын Кашкарды. Көрсө, бул опер болуп иштебептир” деп айтып, беш айдан кийин жумуштан кетирген жайы бар. Мурда ОИИБда, РИИБде жана ШИИБде начальниктердин биринчи орун басарлары болуп, оперативдик иштер боюнча иш алып барган жетекчи саналчу. Азыркы учурда мындай  кызмат жоюлуп, функциясы тергөө иштери боюнча иш алып барган орун басарга жүктөлгөн. Дагы бир кызыгы, “реформа кылабыз” деп криминалдык милиция кызматынын начальниктеринин (мурдагы кылмыш иликтөө кызматы) ордун жоюп салышкан. ИИМдеги мындай башаламандыкка ким жооп берет? 100 жылдык тарыхы бар кызмат талкаланып жатса, кылмышкерлер менен ким күрөшөт? Азыркы министр криминал менен күрөшө албайт, себеби ИИМдин ичинде ынтымак жок! Койгон кадрлары жумушка жөндөмсүз, профессионалдык сапаттары өтө төмөн, арты таза эмес жетекчилер. Бир эле мисал: ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын начальниги Каныбек Абдрахманов 2017-жылы коомчулукка резонанс жаратып (ал кезде ушул башкармалыктын бөлүм начальниги болчу), ИИМдин кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын имаратынын ичинен 3000 доллар пара талап кылып жаткан учурда кол астындагы кызматкерлери менен УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан кармалышкан. Кармалгандан кийин 9 ай УКМКнын түрмөсүндө отуруп, акчанын күчү мененби, же тааныштын аракетиненби, сот аркылуу чыгып келип, бул башкармалыкты башкарып отурат. Ушул дайындоонун алдында Кашкар мырза ойлонбойбу, “9 ай түрмөдө отурса, “караларга” кысым болуп, анан кантип криминал менен күрөшөт?” деп. Бул жетекчинин бир тууган иниси Эдил Абдрахманов кылмыш чөйрөсүнүн анабашынын жансакчысыбы? Ал эми эң негизги криминал менен күрөшкөндөрдүн атасы, ИИМдин криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев мырза былтыр Кашкар Жунушалиевдин иш бөлмөсүндө кер-мур айтышкандан бери кабинетине басып барбаганы кандай? Ушундай жагдай жаралып атса, криминал баш көтөрбөй, анан ким көтөрөт?! 

Мына, алдыдагы парламенттик шайлоого мурда оор беренелер менен соттолгон талапкерлер да аттанып жатышат. Жадагалса уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да бар экени жалганбы? Ушул жерден эле азыркы милициянын алсыздыгын билип койсо болот. Мыйзам иштебейт! ИИМдин жетекчиликтери сабатсыз! Уюшкан кылмыштуу топторго карата мыйзамдарды иштеп чыгып, алдын ала чараларды көргөндө, мындай абалга кептелмек эмеспиз. Эл “криминал күчөп кетти, бийлик криминалдашып кетти” деп айта баштады. Мунун баары күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине барып такалат!

2019-жылдын 5-февралында өкмөттүн №11-р буюртмасынын негизинде 2019-жылдын 31-октябрында ИИМдин базасында патрулдук милиция кызматы түзүлүп, ачылышына президентибиз Сооронбай Жээнбеков барып сөз сүйлөп, адатынча Кашкар тоону омкоруучу сөздөрдү убада кылган болчу. Бул кызматтын ачылып, иштеп кетишине мамлекеттик бюджеттен 381 млн. сом каралып, бөлүнгөн. Ошондой эле бул кызматка колдонуучу жабдыктарды сатып алуу үчүн Кытай мамлекети грант түрүндө 5 млн. АКШ долларын бөлгөн болчу. Бул жерден да суроо туулат: “Ушунча көп суммадагы каражаттар туура сарпталганбы же бирөөнүн сол чөнтөгүнө кеткенби?” деген. Дал ушул жагдай тууралуу эсептөө палатасы эсеп жүргүзүп көрбөйбү? Бизге жеткен маалыматтар шек жаратат, бул жерде коррупциялык ыкмалар колдонулуп, кээ бир шылуундар акча имерип алышканбы? Мисалы, бир кызматкер колдонуучу видео трекер 18 миң сомго бааланган имиш, ал эми өз баасы 5000 сом. 600 сомдук электрошокерлер 3000 сомдон деп бааланып, кылмыш иштери ачылып, бирок анын дайыны кайда? Эмне үчүн көзөмөл жок? Бул кызматты түзүүдө атайын жумушчу топту жетектеген Тамерлан Ибраимовдун айтуусунда, шаарда кылмыштуулук азайып, булар иштегенден бери бир канча кылмыштардын бети ачылганын баса белгилеп кеткен. Бул кызмат пилоттук долбоор болгондуктан, алгачкы этабы баш калаабызда гана ишти башташкан. Бишкек шаарында кылмыштуулуктун 80%ын уурулук, үй уурулук, чөнтөкчүлөр жана алдамчылык фактылары түзөт. Ушул жаңы түзүлгөн кызматтын кызматкерлеринен “канча чөнтөкчүлөрдү жана үйлөргө кирген уурулук кылмыштардын бетин ачтыңар?” деп Кашкар мырза сурап койбойбу? Биздин бул айтылган сындар кур болбос үчүн, жогору жак ИИМдин ишмердигин текшериш үчүн Бишкек шаарынын бир районунун ички иштер башкармалыгына кирип, чөнтөктөн уурдоо жана батир уурдоо боюнча канча кылмыш ачылып, анын канчасы соттук кароого жиберилгени тууралуу статистикалык маалыматты алып көргүлөчү? 

Биз Кашкар Жунушалиевге фактынын негизинде гана сын пикирлерди айтып келебиз, бирок ал чычалап сотко берет! Мурдагы министрлер коомчулукка резонанс жараткан кылмыштарды жеке көзөмөлдөрүнө алышып, тез арада бетин ачканга аракет жасашчу. Себеби, коомчулук ошону күтөт жана милициянын ишине баа берет. Кашкар Жунушалиевдин убагында бир канча коомчулукка резонанс жараткан оор кылмыштар катталып, бирок азыркы күнгө чейин беттери ачылбай келет. Мунун бирден-бир себеби, кылмыштуулук менен күрөшүүдө тажрыйбасынын жоктугу даана билинип турат! Дагы уялбай “милицияга элдин ишеними жогорулады” деп коомчулукту алдап келүүдө. Мисал катары:

 1) 2020-жылдын 1-январында Бишкек шаарынын Куликовский көчөсүндө жайгашкн “Азия” медициналык окуу жайынын кеңсесин каракташып, 1.400.000 (бир миллион төрт жүз миң) АКШ долларын тартып алып из жашырышкан.            

2) 2019-жылдын 6-март күнү Беш-Күнгөй айлында жеке ишкерлерди башка атышып, 350.000 АКШ долларын карактап кетишкен.

3) 2019-жылдын 19-август күнү Бишкек шаарынын Дордой базарынан кытай улутундагы ишкерди тоноп, жанындагы 323.000 АКШ долларын карактап кетишкен.

4) 2019-жылдын 11-декабрында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылынан жеке ишкерлерди коркутушуп, жанындагы 1.300.000 (бир миллион үч жүз миң) долларын тоноп кетишкен...

Мындай кылмыштарды тизмектесе гезит бети толуп калат. Акыркы эле күндөрдөгү коомчулуктун үрөйүн учурган кылмыштардын бети эмнеге ачылбай турат?

2020-жылдын 7-август күнү Чүй облусуна караштуу Москва районунун Беловодск айылында жашаган тургундардын үйүнө белгисиз беткапчан кылмышкерлер кирип, мыкаачылык менен үй ээлеринин денелерине ысык үтүк басып коркутушуп, акча, алтын буюмдарын алып кетишкен. Бүгүнкү күндө үй ээси жаракат алып, кыйын абалда ооруканада жатат. 

Ушул эле кылмышкерлер 29-август күнү Сокулук айылында жашаган тургундардын үйүнө түн ичинде киришип, аларга да мыкаачылык менен денелерине ысык үтүк басышып, күч колдонушуп, из жашырышкан.

Кашкар мырза! Мына ушундай кылмыштардын бети ачылбай турса, анан кайдагы элдин ишеними?!  

Бул жетекчи басып өткөн жолунда кылмышкерлер менен күрөшпөсө, уюшкан кылмыштуулук жөнүндө түшүнүгү жок болсо, анан кантип кол астындагылардан сурап, кантип тапшырма берет? Шаарда митинг болуп жатса жашынып жүрөт, “эл көрбөсүн” деп. Митингдин баарын оздуктаган орун басары Орозалиев Алмаз Кыдырмаевич. Өзүнө жакпаган жетекчини жумуштан алса, өзү буйрукка кол койбойт, себеби коркот, “жооп берип калам” деп. Бир эле мисал: пандемия учурунда жумуштан алынган Ленин РИИБнин башчысы Мадияр Кулуевди өзүнүн буйругу менен албай, орун басары Орозалиевге көрсөтмө берип, анын колу менен алган. 

Жакында шайлоо болот. Эгер шайлоо таза өтпөй, нааразылыктар күчөп кетип, Беларустагыдай эл көчөгө чыгып кетсе, бул министр жөн эле басып кетет го?.. 

Жогорудагы айткан сын пикирлерди президенттик аппараттын күч түзүмдөрүн көзөмөлдөгөн жетекчиси окуп, талдоо жүргүзүп, өз баасын берет (!) деген ойдобуз. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер