“Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде эң жакыр өлкөлөрдүн катарында турат”
-- Өкмөт казынага миллиарддар түшүп атканы менен мактанууда, а реалдуу жашоодо жакырчылык күн сайын күч алууда. Мындай карама-каршылыкты кандайча чечмелесек болот?
Тазабек Икрамов, ЖК депутаты:
-- Өкмөт өз түшүндүрмөсү менен быйылкы жылы ички дүң продукциябыз (ИДП) бир триллион сомдон аша турганын (1 триллион, 15 миллиард, 2 миллион сом) айтып жатат. Албетте, COVID-19дан кийин бүт дүйнөдө кымбатчылык болду. Анын ичинде Кыргызстанда да баалар өстү. Эң жөнөкөй эле эсеп менен алып карасак, кымбатчылык, инфляциянын эсебинен бюджет көтөрүлөт. Мындайча айтканда, бюджетти жалпы эл толтурат. Ошол жалпы элдин керектөө корзинасынан бюджет өсөт. Бажы салыгынан, мындай тариздөөдөн өсүш байкалууда. Бирок, анын да негизги булагы реэкспорт Россия-Украина мамилелеринен кийин санкцияларга байланыштуу экенин да айтып коюшубуз керек.
Триллиондук бюджетти өкмөт эмес, эл сезип жашаганда гана биз “бакубат өлкө болдук” деп мактана алабыз. Мен бир-эки мисал келтирейин. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң аз айлык Кыргызстанда болуп чыкты (365 доллар). Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде эң жакыр өлкөлөрдүн катарында 69-орунда турат. Аз камсыз болгон жарандар 32%га жетти. Бул экономикалык факт. Эгер жогорудагы индекстер кескин азайып, орто класс түзүлсө, аз камсыз болгон жарандар 15%га жетсе, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер арасында орточо айлык акы 800 доллардан ашса гана биз “триллион бюджеттүү өлкөбүз” деп айта алабыз. Болбосо, түшкөн каражатты инфляция жей берип, экспорттон импорттук сальдо бир канча эселеп чоң болуп турганда, курулай мактануу ашыкча болот.
Ташболот Балтабаев, экс-депутат:
-- Инфляция болуп, акчанын (сомдун) куну качты. Мисалы, кагаз акчаны станокто басып, айлык акы, пенсия, пособие, бюджет дегендерди 100%га жогорулатып койгон эч кандай көйгөй жаратпайт. Азыркы бийлик системабыз бир кишинин эркинен, каалоосунан көз каранды болгондуктан, акчаны көбөйтүү кыйын эмес. Инфляция деген – акча көп, товар аз дегенди билдирет. Нормалдуу экономикада акча менен товар (кызмат көрсөтүү) шайкеш келиши керек. Эгер бийликте тең салмактуулук болуп, бийликтин бир бутагы экинчи бутагын көзөмөлдөп турса, мен жогоруда айткан шайкештикти кармаса болот.
Мадин Итикеев:
-- Казынага арбын каражаттар түшүүдө. Менин жеке пикиримде, алардын көбү 30 жылдан ашык дефициттердин ордуна жумшалууда: жол, мектеп, бала бакча, Акүй курганга, ГЭСтерди реконструкция кылганга, аны менен бирге пенсияларды көтөрүүгө жумшалып жатат өңдөнөт. “Жакырчылык” деп айткандан алысмын, бирок кымбатчылык болуп жатат, бул дүйнөлүк эпкин. Бизде эле эмес, дүйнөнүн баардык жеринде кымбатчылык болууда. Ал дүйнөдөгү саясый абалга байланыштуу. Мисалы, Украина, Палестина, Афганистан жана башка жерлердеги толкундоо, митинг, согуш жана башка ушул сыяктуулар.