Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тилектеш Ишемкулов: “Абсамат Масалиевдин байбичеси Кайырниса менин кайнатамдын колунда жети жыл тикмечи болгон”

Тилектеш Ишемкулов: “Абсамат Масалиевдин байбичеси Кайырниса менин кайнатамдын колунда жети жыл тикмечи болгон”

09-февраль, 23:18
2 825 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сексенден ашкан Тилектеш агабыз рубрикабыздын бүгүнкү коногу болду. Баскан-турганы шайдоот. Биздин кээ бир суроолорго тамаша менен жооп берип атты. Куюлуштуруп ыр саптарын токуп, “Биримкулдун кунанындай” туйлап турат экен.


-- Тилектеш ага, үйүңүздө ким кожоюн?

-- Үйүбүздө эки тарапка бөлүнүп алганбыз. Тышка чыкканда, башка жерде жүргөн учурда үй-бүлөдөн тышкары болсо мен кожоюнмун. А үйдө жеңең хозяйка. Биз бу кишиге баардык жагынан баш ийебиз. 55 жыл бирге жашадык. Кийим-кечектин баары өзү сатып келет. Кээде калдалактап чыгып кетип атсам, “токто, муну чеч да, тигини кий” деп галстугумдан өйдө өзү байлап берет. 

-- Эркектердин баары эле ушундай болсо керек?

-- Тың эркектер өздөрү сатып алып, өздөрү кийинип жүрүшөт. Тескерисинче, мага окшогондор аз. Бу жагынан жеңең тың. Чоңдун кызы болгон. Атасы райкомпартиянын биринчи катчысы, райисполкомдун, обкомдун бөлүм башчысы, төрт колхозго башкармалык кылып турган, анан 12 жыл Пржевальскинин турмуш-тиричилик комбинатынын директору болуп, кезинде Абсамат Масалиевдин байбичеси Кайырниса менин кайнатамдын колунда жети жыл тикмечи болуптур.

-- Пенсияңызды да апкелип берип турасызбы?

-- Ооба, бир да тыйынын калтырбай жеңеңдин колуна берем. Анча-мынча кытып калуу деген менде жок. Кайра гезитке деп жумасына 200 сом сурап алам. 

-- Байбичеңиз менен кантип таанышкансыз?

-- Комсомол бизди тааныштырды. Анткени Жети-Өгүз райкомкомсомолдун 2-катчысы элем. Жеңишгүл чоң автобазанын комсомол уюмунун катчысы экен. Койкоңдогон, татынакай кыз, көз түшүп калды. Жакындан таанышып, төрт жыл кыз-жигит болуп жүрдүк. Анан 1967-жылы баш кошуп алдык. Бала-бакыраны өстүрдүк, 7 небере бар. Анын ичинен бирөө гана эркек, калганы кыз. 

Кыз бала жакын болот атасына,

Ортоктош кубанычы, капасына.

Кыз бала тез эле өсүп бойго жетет,

Таянып ата-эненин батасына.


Эр бала жакын болот энесине,

Ал өзү андан чыккан денесине.

Энелер ар убакта элестелет,

Деңиздин чөкпөй турган кемесине... 

-- Кыз ала качууга катышкансызбы?

-- Мен буга таптакыр каршымын. Керек болсо милийсалар менен аркасынан кошо барып сабатканга чейин катышкан жайым бар. Тааныбаган эле “Сайрагүлдү” жулуп алып ким бүлө кылат?

-- Жакалашып мушташкансызбы?

-- Аябай көп мушташтым. Спорттун 4 түрү менен машыгып, анын ичинен бокс, күрөш, футбол дегенде чуркап кетер элем. Көпкөлөң тартып, адыраңдап кеткен учурда көп эле балдар менен мушташып, милийсага түштүк. Мен кырдуу балдардын арасында атаман элем, жүрөк жаш кезде. Ошого карабастан көп таяк жедим.

-- Казан-аяк кагышпай койбойт, жеңеме кол көтөргөн учурлар болгонбу?

-- Майда-чүйдөдөн, ашкана айланасындагы “тамактын тузу кем болуп, эти аз болуп калыптыр” деп ажылдаштык. Андан ары кол көтөргөнгө жетпедим. 

-- Кызганыч маселесине кандайсыз?

-- Жаш кезде жеңең сулуу (мен үчүн азыр деле сулуу) эле. Жанагы аялдары сулуу эмес теңтуштар бир аз кыялданып, “эмнеге биздин катындар сулуу эмес?” дешип тамашалап калышчу. Ал кезде мен отуруштун көркүн ачып, ырдап, тамаша сөздөрдү көп айтсам, ошол эле теңтуштардын бийкечтери мени жактырып атканын жашырбай, күйөөлөрүн “сен эмнеге ырдабайсың? Көңүл ачканга такыр шыгың жок” дешкендерин көп уккам.

-- Ичимдикке кандайсыз?

-- Ичимдиктен биринчи жолу 1968-жылы 14-январда, кечки саат 19:20да шампан ичтим. Тун балам Байнур төрөлүп, дачага барсам ЦК КПССтен кишилер бар экен. “Жентек” деп капчыгымда болгон акчамдын баарын чачып, элдин баарына арак, шампан алып, өзүм да иче берип, иче берип, эртең менен турсам эки чыкыйыма балка менен коюп атат. Эптеп сүйрөлүп барып ваннага кирип, муздак суудан ичер замат чалкаман кеттим. Ичимдикке ушинтип кол салгам. Кийин сухое винону көп ичтим. 

-- Ичимдик ичкенден кийин ырдачу, ыйлачу, чатак чыгарчу белеңиз?

-- Көп ичип алгандан кийин момпоюп эле отуруп калам. Албетте, ырдагым келип калат. Комуз сурайм, “ким ырдап мелдешет?” дейм. 

-- Кой сойгонду, этин устукандаганды билесизби?

-- Билбейм. Ушу кезге чейин мал союлуп аткан жерден жаа бою качып кетем. Ал эми устукандаганды Жеңиш өзү тейлейт. 

-- Көчөдөн сулуу кыз көрүп калсаңыз...

-- Бир көз караш менен чачтан буттун учуна чейин рентгендей карап, “буту түз экен, мойну өйдө экен, төшү, соорусу мындай экен” деп карап, баа берип коём.

-- “Ала жипти” аттагансызбы?

-- Эч качан, эч качан! Студент кезде, үйлөнгөнгө чейин тигиндей, мындай болот... Бирөөнө да зыян жасаган жокмун. “Акмак экен” дегендей жаман из калтырбадым. Бул жагынан абийирим таптаза. Бир кыз менен жарым жыл жүрүп, бир жолу өбөйүн деп кулагын өөп алгам. Ал эми үйлөндүңбү, якорду таштап, тынч жүрүш керек.

-- Ашканада тамак жасай коёсузбу?

-- Жеңеңдикин эле күтүп отура берем. Базарга барып азык-түлүктү апкелген жагынан машмын. Аны өкмөт менен партиянын ишин жасагандай эле аткарам.     


Сурат Жылкычиев

 "Азия Ньюс" гезити




Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер