Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кундузбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Баарын эле өкмөткө оодара бергенде болбойт”

Кундузбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Баарын эле өкмөткө оодара бергенде болбойт”

29-декабрь, 20:16
1 030 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кундузбек Кошалиевич, бүгүн кеңешмеде бир кесиптешиңиз энергетиктердин жарык өчпөйт деген убадасына карабастан, кээ бир райондордо бир нече саат бою электр болбой калганын айтты. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

-- Төрт аяктуу ат деле кээде мүдүрүлөт да. Бүгүн маселе көтөрүп аткан менин кесиптешим ушундай таңкыстык болорун билген, мурунку чакырылышта да отурган депутат. Маселе дароо эле чечиле койбосун, электр энергиясына болгон талап күндөн күнгө өсөөрүн, дагы ГЭСтерди куруш керек экенин билген. Бүгүнкү күндө таңкыстыктан чыгалы деп бардык жерде мини ГЭСтер курулууда, реконструкциялар жүрүүдө. Ошол да жетпей, электрди башка жактан импорттоп келүүгө аргасыз болуудабыз. Электр энергиясы деген – бул товар. Эл аны алып, акчасын төлөшү керек. Аны атайылап эч ким өчүрбөйт. Анан маселе биздин кээ бир жарандардын электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланбагандыгынан да болууда. Баарын эле өкмөткө оодара бергенде болбойт. Биздин өзүбүздө да кемчилик бар. Нагрузка болгон жерде сөзсүз авария болбой койбойт.

-- Кичи ГЭСтерди куруу боюнча эмне айта аласыз?

-Бул бир күндө, атүгүл бир ай, же бир жылда жасала турган иш эмес. Атүгүл чакан ГЭСтин өзүнө эле бир-эки жыл кетет. Ал эми Камбар-Ата–I  сыяктуу чоң долбоорлорго тынымсыз каржы булактары болуп турганда да жок дегенде 5 жыл талап кылынат. Бүгүнкү күндө чакан ГЭСтерди куруу, күндөн, шамалдан энергия алуу боюнча аракеттер болуп жатат. Бирок, анын натыйжасы дароо боло коюшу кыйын. Ошондуктан, мен элибизге сабыр тилеп, болуп жаткан убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн мен да кечирим сурайм.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер