Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Зарылбек Аликенов: “Мага Орозайым өзү жакындап, жармашкан...”

Зарылбек Аликенов: “Мага Орозайым өзү жакындап, жармашкан...”

31-май, 09:00
22 624 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Зарылбек иним, президент Садыр Жапаров менен качантан бери жакындан таанышсың?

-- Биринчи жолу 2012-жылы “Кумтөрдү алабыз, элге кайтарып беребиз” деп митинг уюштурган. Мына ошондон бери жакындан таанышмын, азыркыга чейин колдоп келатам, кээ бирлерине окшоп сатып кеткен жокмун. Ал кезде Алмазбек Атамбаев Садыр Жапаровду каматкан. Мени да камаганга аябай аракет кылып, бирок колунан келбеди. 

-- Азыр Садыр мырза менен жүз көрүшүп турасыңбы?

-- Президенттик шайлоо учурунда мени “үйгө келип кетпейсиңби” деген. Анда колум бошоп бара алган эмесмин. Кийин шайлоо штабына далай жолу барып, сүйлөшүп кеттим, үгүт иштерине катыштым. Азыр иштери көп болгондуктан жолуга элекмин. Жардамчылары, оң колдору аркылуу ар дайым байланыштамын.  

-- Туура иштерге күчүңдү жумшап атсаң, капталдан чыга калып тескериленген адамдар болдубу?

-- Абалтан кыргыз элинде көралбастык болуп келген, азыр андан бетер күчөптүр. Бут тоскондор четтен чыгат. Садыр Нургожоевичтин жасап жаткан туура иштерин элге жар салып, түшүнбөгөндөргө түшүндүрсөм деле сасыткылар көп экен. Сүйүнбөстөн “сен пахта коюп атасың” деп мага тескериленишет.

-- Үйлөндүңбү?

-- Көптөн бери аракет кылып келем, илинчек табылбай атат. Бир аз жыл мурун Орозайым Нарматованы жактырып, жадагалса ыр да жазгам...

-- Аны менен кандайча таанышсың?

-- Орозайымды илгертен тааныйм да, өзү жакындап, жармашып... Андан кийин эле саясатка аттанып, алданып кетти. “Мекенчил” партиясынан Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиясына өтүп, адашып кеткен. Ал кыз “Садыр Жапаров түрмөдөн чыкпайт” деп ойлосо керек. Бир жылдан кийин Садыр Жапаровду биз түрмөдөн түнү менен алып чыкканбыз. Ошондон кийин ал кыз бизден алыстады. Менден канча алыстаган сайын, адашкан жагы көбөйдү, акыры түрмөгө да отуруп чыкты. Сабак болду. 

-- Башка да бир кыз менен ымала түзүп аткандай болуп атпадың беле?..

-- Айсулууну айтып атасыз. Өзүнчө эле красавица, кыздардан башкача жан эле. Ал деле болбой калды. Мүмкүн рейтинг боюнча атактуулардан 1-орунда экеним ага жолтоо болду өңдөнөт. Мындан сырткары, Таластан, Көлдөн, Баткенден кыздар мага чыгып, “үйүм бар, малым кенен-кесир. Бу жакка келбейсиңби, сонун жашап кетебиз” дегендер болду. 

-- А сенчи?

-- Көнбөй койгом. “Күч күйөө” деген бар эмеспи, болгум келбеди. 

-- Мындан бир канча жыл мурун балбанчылык жагың менен таанылып, тактап айтканда, чыпалагың менен “атак-даңкка” келгенсиң. Чыпалак эмне болду?

-- Өзүңүздөр билгендей, бир кезде 24 килограммдык гиряны чыпалагым менен көтөрүп, элдин оозун ачыргам. Бир-эки жылдан кийин элдин баары мени туурап баштады. Көзүмдүн тирүүсүндө эле чыпалак менен гиряны көтөрүп аткан эстелик тургузуп коюшса жакшы болмок. Эми бу да чек эмес. Менде элде жок сюрприздер чыга берет.

-- Президент капилеттен сага кызмат сунуштап калса, кайсы тармакта иштеп, майын чыгарат элең?

-- Президент өзгөчө адам, кыргыздын патриоту. Мага кандай кызмат жарашарын өзү билет да. Кайсы кызматты ыроолосо, ал иштин майын чыгармакмын. Алсак, Чүй боорунда баардык муундун өкүлдөрү, анын ичинде аксакалдар мени колдошорун билем. Болбоду дегенде Чүй облусунун губернаторлук кызматын берсе мага жарашмак. 

-- Келечекте президенттик кызматка барайын деген оюң барбы?

-- Андай ой менде жок эмес. Жадагалса президенттик программам да даяр. Эгер президент болуп калсам, эң ириде көзөмөл жагын күчөтмөкмүн. Коррупцияга аралашкан чиновниктерди өлүм жазасына тартмакмын. Сот менен прокуратура жагына көзөмөл жүргүзмөкмүн. Санарип технологияны өркүндөтүп, күчтүү аналитиктер менен иштешмекмин. Аларга “кайсы жерде иш катуу жүрүп жатат? Кайсы жерде иш токтоп калды, эмне үчүн? Кайсы тапшырмалар аткарылбай калды?” деген талаптарды коюп, себептерин аныктамакмын. Ошого жараша иш алдыга жылып турмак. Облустун губернаторлоруна жарым жыл мөөнөт берип, иштебегендерин камап, “кустуруп” салмакмын. Кыскасын айтканда, эки жарым жылдын ичинде Кыргызстан өнүгүп-өсүп, көп мамлекеттердин алдына чыкмакпыз. Менин атымды укканда дүнүйө жүзү титиреп турмак. 

-- Азыркы бийлик башындагыларга кандай сын-пикириң бар?

-- “Кустуризация” жагы өтө жумшак болуп атат. Мисалы, кээ бирлери “мамлекетти 10 миллионго тонойм. Кармап алса 2 миллион берип кутулам” деп алдына пландап алышат. Мен мындайларды тескерисинче кылып, 2 миллион уурдаса 10 миллион төлөтмөкмүн, же өлүм жазасына тартмакмын. Ошондо ууру-кески жоголмок. 

-- Бул эми ички саясатты айттың, ал эми тышкы саясат кандай болмок?

-- Кыргыз баш көтөрмөк. Баардык Азияны, анын ичинде Кытайды багындырып, Кыргыз каганаты калыбына келип, менин тушумда кайра жаралмак да, Америка менен Европаны “кул” кылмакпыз. Дүйнөлүк рейтингде номур биринчи мамлекет болмокпуз. “Зарылбек кыргыздардын духун көтөрүп койду” деп бүткүл дүйнө жүзү титиреп турмак... 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер