Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Темирлан Аскеров, активист: “Темир жол курулса, 200 миллион доллар ар бир транзиттен казынага түшүп турат”

Темирлан Аскеров, активист: “Темир жол курулса, 200 миллион доллар ар бир транзиттен казынага түшүп турат”

04-апрель, 21:09
1 600 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча кызыккандар арбын. Темир жол иштеринде эксперт катары бул жагынан кандай маалыматтарың бар?

-- Аталган темир жол эбегейсиз чоң мүмкүнчүлүктөрдү кыргыз экономикасына, кыргыз ишкерлерине, жалпы элибизге ачып берет. Анткени биз Кытай аркылуу деңизге жана Тынч океанга чыга алабыз. Ошол эле кезде Кытай менен Европаны бириктирген транзиттик жол болот. Бул жол аркылуу биз өзүбүз өндүргөн товарларыбызды, продукцияларыбызды экспортко чыгарууга да мүмкүнчүлүк ачылат. Жумуш орундарынын жана салык төлөмдөрүнүн көбөйүшүнө алып келет. Ошол эле кезде биздин мамлекетти кен байлыктарга көз каранды кылбай, өзүбүздүн башка өндүрүшүбүзгө жана товар өндүрүмүнө чоң салым болот. Анткени биз билебиз, ишенген жаратылыш ресурстарыбыз да бир күнү бүтөт. Ал эми бул темир жол өтө маанилүү. Кеминде 200-300 миллион доллар ар бир транзиттен мамлекеттик казынага түшүп турат деп болжонууда. Ошондуктан бул темир жол экономикалык жактан кылымдарга иштеген долбоорго айланат. Кыргызстандын таасири, дээрлк мүмкүнчүлүктөрү эл аралык аброй жагынан да бизге пайда алып келет. Ошондуктан бул долбоорду өткөн кылымдын 91-жылдары эле куруп баштасак болмок. Тилекке каршы, ал убакта ишке ашкан жок. Буга чейин кытай адистери да келип кетишкен. Эми техникалык, экономикалык негиздеме жасап, буюрса июнь айына даяр болуп калышы керек. Ошондон тарта каржы булактары изделип, күз айларында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров айткандай курулушу старт алышы мүмкүн. Мен жалпы жарандарга, элиме айтарым, ушундай чоң долбоорлорду колдоп, кубаттап туралы.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер