Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жеңижоктун өмүрү, чыгармачылыгы такталууга тийиш

Жеңижоктун өмүрү, чыгармачылыгы такталууга тийиш

03-декабрь, 18:29
970 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Башы өткөн санда)

Экинчи маселе, Жеңижоктун Нурмолдо Наркул уулу менен болгон чыгармачылык байланышы жөнүндө. Ушул күнгө чейин бул эки чоң инсандын адамдык жана акындык карым-катышы ар түрдүү жагдайлар менен түшүндүрүлүп келди. Алгачкы убактарда Наркул уулу Нурмолдо Жеңижоктун устаты, окутуучусу, жашы боюнча улуу адам катары каралып келди. “Али турмушту өз көрүмү менен көрүп, туюму менен туюп, доорго болгон пикири калыптана элек, бирок сырткы таасирди тез кабылдаган сергек балага бул өбөлгөлөр (диний кызматкерлердин ар түрдүү жумуштарын аткарып, алгач диний билим алуусу жөнүндө сөз баратат – Б.Б.) таасир этпей койгон эмес. Ал кездеги Жеңижокко өзгөчө таалим көрсөткөндөрдүн бири арабча кат тааныган ырчы Нурмолдо эле. Табиятында ырчылык шыгы бар, сөз татымын сезе билген зирек баланын көкөйүнө анын диний санаттары, өмүр, өлүм жөнүндө пессимисттик ырлары из калтырбай койбогон чыгар” деп, адабиятчы С.Кайыпов өзүнүн “Баш сөз” макаласында белгилесе (3.1981), белгилүү адабиятчы Ш.Yмөталиев 1988-жылы жарык көргөн “Кыргыз акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери” аттуу коллективдүү эмгектеги Жеңижок жөнүндөгү адабий портретте көрсөткөндөй: “Таякеси ыр менен алпурушканын билип, аны тилдеп, кыл тырмаганды коюп, дилиңди агартып, диндин артынан түш” (6.1988) деп койгон. Мына ушул жагдайларга байланыштуу Өтө бир нече жылдар бою өнөрүн өстүрө албай, жашырып, жабыгып жүрүүгө да мажбур болуп, акыры чыдабагандан кийин Анжиян тарапта бир чоң той болуп жатканын угуп, анда ырчы-чоорчу, комузчулардын келерин билип, жөнөп калат. Ал барганда тамашанын үстүнөн чыгат. Өтө ошол жерде ачыкка чыгып ырдап, ак суулук Нурмолдо Базар уулу деген ырчы менен айтышып, аны жеңет. Мына ошондон баштап анын Өтө деген аты өчүп, көбүнчө эл арасында Жеңижок аталып кетет. Мында Өтө Нурмолдого кокусунан, мурун эч бир жерде көрүшпөгөн адам катары кездешет. Ушунун өзү бул Нурмолдо Наркул уулу эмес, кечээ жакында дайыны билинген молдо Нурмолдо Базар уулу экенинен кабар берет. Базар уулу Нурмолдо да кат сабаты бар адам болгондугу, ал да алына жараша ырдай билгендиги жөнүндө айрым аңыз кептер айтылып келет. Бирок, аны биздин байкашыбызда, кадимки мударис, бир нече ыр жыйнактардын автору болуп, чет жактардан билим алып, олуя деңгээлине чейин көтөрүлгөн Нурмолдо Наркул уулуна салыштыруу негизсиз. Биз буга чейин бул аталган эки Нурмолдону чаташтырып, алардын арбактарынын алдында күнөөкөр болуп келдик. Мунун эң башкы себеби – бул аттары аталган (эки Нурмолдону – Б.Б.) жазгыч акындарды биз кечээ жакында гана билип, алардын чыгармачылыгы менен эми жаңыдан гана таанышып, алар боюнча ырааттуу илимий изилдөө иштери каралбай келгенин айтсак айталы. Буга мисал Жеңижок боюнча илимий изилдөө жүргүзүп, кандидаттык даражага ээ болгон А.Жусупбеков да бул жагдайды учурунда ынанымдуу түшүндүрө албагандыгынан көрүнөт (2.2009). Ал эми бул Базар уулу Нурмолдо жөнүндө эл жазуучусу Э.Отунчиев өзүнүн “Жеңижок” деген үчилтик романында төмөнкүдөй маалымат берет: “Бул ким? Кайсы ырчы?” деп кызыкты Өтө, ырчынын ырына кулак салып четтерээк турган кишиден “Оо, бул аксуулук Нурмолдо деген ырчы. Уруусу саруу, анын ичинде тогунай, түбү таластык. Атасы Базар деген чоң молдо экен” (5.2015,284). Ал эми кийинки маалыматтарда алабукалык карыя журналист, маркум К.Рыскулов Наркул уулу Нурмолдо убагында Наманган шаарындагы айтылуу Молдо Кыргыз медресесинде окуп бүткөн соң, ошол диний билимканада мударис катары калтырылып, кийин ал жерге келген Өтө (Жеңижок) Көкө уулуна сабак берип, ага устаз болгондугун жазат. Жеңижок бул медресенин толук курсун бүтпөй, эки эле жыл окуганы соңку убактарда айтылып келет. Анын жазгандары боюнча бул медреседе ошол аймактан чыгышкан Нурмолдо Наркул уулу, Кыдыралы манасчы, өзүнүн чоң атасы, өлөңчү Уста Жолдош үчөө бирге окушуп, бир убакта бүткөндүгүн белгилейт (7.2003.573-577). Өз устаты Наркул уулу Нурмолдо жөнүндө Жеңижок (Өтө) ырчы чоң урмат-сый менен эскерип, анын чоң акын жана билимдүү инсан болуусуна салымы чоң экендигин оозунан түшүрбөй жүрүп, анын агартуучулук жана окутуучулук даярдыгына бийик баа берген адам ушул Жеңижок ырчы болгондугун окумуштуу, ф.и.д., профессор С.О.Байгазиев да өз эмгегинде баса көрсөтөт (8.2005.). Жеңижоктун аалам, дүйнө, өлүм, өмүр, жакшылык, жамандык ж.б. темалар боюнча айткан философиялык, анан калса диний көз караш, ишенимдери муну далилдейт. Эч убакта ошол учурдагы айылдык молдодон эле башталгыч билим алган адам Жеңижоктой ой жүгүртүп, алар боюнча жеке көз караш, пикирин ачык билдирип, исламдын ал кездеги “теоретиги” катары алты дубан кыргыз элинин оң менен солуна кеңири таанылган айтылуу ырчы, өз устаты Наркул уулу Нурмолдого (буга чейин биз баарыбыз чаташып жүргөндөй – Б.Б.) эмес, жогоруда сөз болгондой Аксынын Ак-Суусунан чыккан Базар уулу Нурмолдо менен эң алгач айтышып, дин илими боюнча анын көз караш, түшүнүгүндөгү кээ бир одоно кемчилдиктери боюнча түшүндүрмө берип, ага карата:

Эң жаманы күнөөнүн –

Ушак айткан калпычы.

Эл жактырса айтканын

Өнөрпоздун баркы ушу.

Тозок менен бейиштин 

Колуңда бейм ачкычы.

Анык өзүң окшойсуң

А дүйнөнүн жарчысы.

Жарык дүйнө бейишим.

А дүйнөдө бар бекен

Ушунун бир тамчысы?

Билип туруп чын сүйлө

Бейиш мына бул дүйнө! - дегендей кескин ой-пикир билдирип, ошол замат кайра эле өзү төмөнкүдөй суроо узатат:

Ай, күн, жылдыз, асман, жер

Айтчы кайдан жаралды?

Ай-ааламдын жүзүнө

Адам кантип таралды?

Айдан жылдыз чексиз көп

Түн эмнеге караңгы?

Ажыратып айтып бер

Адал менен арамды?

Албетте, бул суроолорго жеринен жооп бералбай аксуулук ырчы Базар уулу Нурмолдо Жеңижоктон жеңилген десек, эми акылга сыйарлык жооп болмокчу. Мунун өзү жогорку такталган түшүнүктү дагы да чындыкка жакындатат. Анткени, медресе биз түшүнгөндөй жалаң эле диний билим бербестен, башка так илимдер менен кошо гуманитардык багыттагы сабактар да окутулган. Анда астрономия, геометрия, арифметика, алгебра, география, адабият ж.б. сабактар өтүлүп турган. Жеңижоктун чыгармачылыгынын күчтүү деңгээлде өнүгүүгө багыт алышы, биринчиден, ушул жогоруда саналган медреселик билимдердин таасири. Экинчиден, жогоруда айтылып өткөндөй, тага журтунун ага карата болгон моралдык жана материалдык колдоосу да чоң роль ойногон. Айрыкча Аксыны өз учурунда алаканына салып бийлеп турган Сулайманкул болуштун колдоосу Жеңижокко зор күч, турмуштук тирөөч эле. Ал эми алабукалык ырчы Наркул уулу Нурмолдо болсо ошол аталган медреселик көп тармактуу билимдердин ичинен бир гана багытты – агартуучулук жана дин ислам жагын тандагандыгын, ал ошол өзгөчөлүгү менен атак-даңкка жетишкендигин сезип-туюп отурабыз. Бул акындын өмүрү, чыгармачылыгы да соңку учурларда кеңири изилдөөгө алынып, макалалар жазылууда. Эң негизгиси, Жеңижоктун буга чейин эл оозунан жыйналып келген чыгармаларынын маани-маңызын бурбай, кандай айтылып, кандай түшүндүрүлгөн болсо, ошол калыбында элге жеткирүү жагы дагы да колго алынууга тийиш. Бул багытта Жеңижоктун чыгармаларын эл арасынан жыйноо жана дагы да тереңдетип изилдөө, тактоо иши дагы эле күн тартибинде биринчи негизги маселе катары кала берери көрүнүп турат. 

Корутунду катары айтылган ой-пикирлерди жыйынтыктасак, биринчиден, улуу акын Жеңижоктун туулган жери Таластын азыркы Айтматов районундагы Сары Көбөн айылы экендиги чын болсо, ал жер ушул тарыхый аты менен аталууга тийиш. Ал жер жогоруда сөз кылынгандай, бүгүнкү күндө азыркы Чолпонбай айыл аймагында жайгашып, соңку Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин көлөкөсүндө калып келе жатат. “Мурунку кулактан соңку мүйүз озуптур” деп, буга өткөн доор, саясый тескери көз караш өз өкүмүн жүргүзүп, Жеңижок жана анын чыгармалары ошол өңүттөн каралып, бааланып келгени да чын. Эми айтылуу акындын туулган жери ушул күнгө чейин такталбай келе жатышы, демек, азыркы муундун, кыргыз жетекчилигинин жалпы түшүнүк-деңгээлин айгинелеп турат. Бир мезгилдеги Сары Көбөн айылы азыркы залкар акын, ойчул, философ Өтө (Жеңижок) Көкө уулунун туулган айылы катары расмий деңгээлде таанылуусу менен анын аты дагы бир жолу ааламга озуп, айтылуу акын Жеңижок (Өтө) Көкө уулу чын эле Таластын кулуну экендиги тарыхый-документалдуу түрдө тастыкталмак. Буга жергиликтүү бийлик органдары жана жалпы Талас эли туура түшүнүү менен мамиле жасоосу оң. Экинчиден, жезтаңдай акын Жеңижоктун өмүрү жана чыгармачылыгына байланыштуу тактоону талап кылган жагдайлар илимий негизде соңку айтылып келген ой-пикирлерге, тарыхый маалыматтарга таянуу менен калыбына келтирилүүгө тийиш. Бул багытта эл жазуучусу Элүүбай Отунчиевдин “Жеңижок” аттуу 2015-жылы жарык көргөн романындагы айрым тарыхый маалыматтарга назар салуу, ар кандай белгиленип келе жаткан Жеңижок маселеси (Отунчиев Э. “Жеңижок жөнүндөгү жел сөздөр кайдан чыккан?”. Бишкек. “Улуу тоолор”, 2021-ж.) кылдат изилденип, илимий жактан туура нукка түшүүсү зарыл. Yчүнчүдөн, кыргыз ырчы-акындарынын адабий мурасы алардын өмүр жолу менен тыгыз байланышта каралуу аркылуу дагы да илимий изилдөө иштерине негиз катары алынып, алар системалуу түрдө улантыла бермекчи. 


Бакыт Баймырзаев, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун доценти  
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер