Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдыкадыр Орозбеков деген ким эле?

Абдыкадыр Орозбеков деген ким эле?

24-декабрь, 18:19
996 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1989-жылы падышалык Россиянын Фергана облусунун Маргалан уездине караштуу Жоокесек-Бостон болуштугунун тоо арасындагы Охна деген жалаң кыргыздар жашаган кыштагында жарык дүйнөгө келген Абдыкадыр жаштайынан эле тирикарак, сезимтал жана боорукер, мээнеткеч чыгып, жашоо-турмуштун оорчулугунан улам апасын ээрчип, ылдыйдагы Фергана шаарына жөө-жалаңдап барып, эптеп наабайканаларга кара жумушка орношуп, жан сактоого аракеттенген. Ал бай-манаптын же бийдин эмес, карапайым бир элеттик адамдын уулу эле. Жаштайынан коңшулаш өрөөндөгү Юлдаш Ахунбабаев, Хамракул Турсункулов, Усман Юсупов деген Өзбекстан мамлекетин жана чарбаларды башкарышкан улуу инсандар менен достошуп, алардын жардамын алып, керек учурда көмөгүн көрсөтүп, өз жашоосундагы асыл максатына умтула берген. 

Эми гана эрезеге жеткен, ден соолугу чың жана совет бийлигине абдан берилген Абдыкадыр башка курдаштары менен Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын алдынан эле Ферганадагы Гапур Шакиров, Кокондогу Исмаил Капкаев, Скоблевдеги Янулов жана башка байларга жалданып иштеп, жумуштун оордугун, айлык маянанын аздыгын айтып, нараазылык билдире баштаган. Ал эми 1916-жылы облустук администрациянын резервдеги жашы өйдөлөп калган жумушчуларды аскерге алуу жөнүндөгү буйругу менен чакырылган Анжиян шаарындагы иш таштоого катышат. Ошондо ал биринчи жолу Фергана шаарындагы жандармдардын куугунтугунан качпай ээн-эркин жүрө алган. Ал эми 1917-жылы январда өзү иш таштоого жетекчилик кылат. Анда наабайкананын жумушчулары жеңишке жетишишкен. Абдыкадыр Орозбеков кожоюндун жалаасы менен камакка алынып, бирок жумушчулардын колдоосу абактан тез эле бошонуп чыгат. Февраль революциясынын күндөрүн да ал Фергана шаарында өткөргөн. Анда ал наабайчылардын, кол өнөрчүлөрдүн, шахтёрлордун, дагы башкалардын секцияларын уюштурган. Кийин алардын баары бир союзга биригишиптир. 

Убактылуу өкмөткө каршы күрөштүн учурунда Абдыкадыр Орозбеков чебер жумушчулар жана кызматчылар союзу тарабынан Жумушчу-Солдат депутаттарынын Фергана облустук кеңешине, Маргалан уезддик жана шаардык аткаруу комиттеринин президиумуна мүчө болуп шайланат. 1918-жылдын августунда РКПбнын мүчөлүгүнө кабыл алынган. 

1920-жылы бир эле мезгилде Чимион революциялык комитетинин төрагасы, Үч-Коргон кантондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, Маргалан кантондук аткаруу комитетинин төрагасы кызматтарын ээлеп турганда, басмачыларга каршы айыл-кыштактардагы совет бийлигин чыңдоо үчүн күрөшкөн “Кошчу” союзун уюштурууга, аны бай-манаптар менен дин кызматкерлеринен арылтууга активдүү көмөктөшкөн. Кийинчерээк Мархамат райондук аткаруу комитетинин да төрагасы болуп чечкиндүүлүк менен жакшы иштейт. Ошол абдан оор жылдарда эр жүрөктүүлүктө Владимир Ильич Лениндин ысымындагы жардамдашуу фондун, “Ак-Арык” айыл чарба коммунасын, андагы большевиктердин ячейкасын түзүүгө жетишкен. 

Абдыкадыр Орозбековдун активдүү катышуусу менен ВЦИКтин экинчи сессиясынын 1924-жылдын 14-октябрындагы токтому менен кара кыргыздардын жумушчу дыйкандарынын, жалпы кыргыз калкынын үмүт-тилеги аткарылып, РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусун уюштурууга чечим кабыл алынган. Бул түшүнгөн адамга абдан чоң тарыхый саясый окуя эле. Анткени ошол учурда кыргыз жерин бөлүп, өздөрүнө кошуп алууга ниеттенишкен кара күчтөр каршылык көрсөтүшүп, өлкөбүздүн түндүгүн Жети-Суу облусуна, түштүгүн Сыр-Дарыя облусуна кошууну көздөп калышкан экен. 

Эч кайсы саясый топко кошулбаган дили таза Абдыкадыр Орозбеков Москвадан келген жетекчилердин калыс тандоосу, колдоп-кубаттоосу менен Тоолуу Кара-Кыргыз облусунун жумушчу-дыйкан жана солдат депутаттарынын аткаруу комитетинин төрагалыгына шайланат. Ошондон кийин ал Кыргызстандагы биринчи жетекчи катары Жусуп Абдырахмановду Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар советинин төрагалыгына дайындоо жөнүндө токтомго кол коёт. Касым Тыныстанов Эл агартуу министрлигине, Төрөкул Айтматов Жалал-Абаддын акимдигине дайындалышат. Баса белгилей кетчү жагдай, Абдыкадыр Орозбеков карапайым үй-бүлөсү менен азыркы тарых музейинин ордундагы же Фрунзе шаарынын Карл Маркс көчөсүндөгү 57-үйдө жашаган экен.

Ошол учурда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун курамында Каракол, Нарын, Пишпек уезддери жана Жети-Суу облусунун бир бөлүмү болгон экен. Наманган уездинен 10 болуштук, Фергана уездинен 5 болуштук, Кокон уездинен 2 болуштук, Талас менен Аулие-Атадан 14 болуштук Кыргызстанга кошулушат. Жалпысынан 75 волость, 4 округ, 6 шаар менен 721 село, 727 айыл, 5 хутор бириктирилет. Калктын саны 727 миң деп катталыптыр. Анын 63,5 пайызы кыргыздар, 16,8 пайызын орустар, 15,4 пайызын өзбектер, калганын башка улуттар түзүшкөн. 

Тоо арасындагы айылдан өрөөнгө түшкөн жигит сабатсыздыгын Фергананын жанындагы Чек-Шоро деген жердеги казармадагы орус аскерлери менен достошуп жоюптур. Андан соң Ташкендеги ВКПбнын Борбордук Комитетинин алдындагы Орто Азиялык бюродогу партиялык-советтик курулуштун үч айлык курсунан окуп билим алат.

“Абдыкадыр Орозбеков мамлекетибизге түздөн-түз жетекчи болуп турганда кандай бараандуу жумуштар аткарылды?” деген маселе да бар. Аны айрым бир маалыматтар менен тастыктап көрөлү. Совет бийлиги орной баштаган алгачкы мезгилде калкыбыз феодалдык коомдон эми гана чыгып, туташ сабатсыз болушкан. Кат тааныгандар чанда эле. 1926-жылда калктын сабаттуулугу 15,3 пайыз болсо, 1937-жылда 68 пайызга жетиптир. Он эки жылдын ичинде Кыргызстандын борбору Фрунзе шаарында кыргыз жана орус драма театрлары, филармония ачылган. Чакан республикабызда булгаары, пахта тазалоочу, жибек, нооту, жыгачты кайра иштетүүчү завод-фабрикалар ачылып, жүздөгөн адамдар жумушка орношуп, өнөр жайы пайда боло баштаган. 1927-жылы 2880 жеке чарба колхоздорго биригишет. 

Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы А.Орозбеков кыргыздардын бешинчи съездинде мындай маалыматтарды билдирген: “Республикабызда ондогон өнөр жай ишканалары курулду. Өндүрүш 7 пайызга, дандын түшүмү 4 пайызга, пахтаныкы 4 эсеге өстү. Унаалардын жалпы саны 1000ден ашты. 1932-жылы педагогикалык институт, 1933-жылы зооветеринардык институт, анан медициналык институт ачылган. Алты жогорку окуу жайында 3043 студент, 33 техникумда 5960 улан-кыздар окуп билим алышкан...” деп.

Ал кыргыз альфавитин негиздөө боюнча борбордук комиссияны жетектеп, Конституциянын кабыл алынышына чоң салымын кошкон. Абдыкадыр Орозбековдун албан аракети совет бийлиги тарабынан жогору бааланып, 1924-жылы Түркстан Республикасынын “Алтын белгиси”, “Эмгек Кызыл Туу” ордени башка баалуу белектер менен сыйланган. Советтик мезгилде А.Орозбековдун эмгеги баркталып, ысымы өзү туулуп өскөн айылына жана шаарлардагы көчөлөргө, мектептерге, чарбаларга коюлуп, мемориалдык музейи уюштурулуп, эстеликтери ачылган. Аксакалдын юбилейлери мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүп, тарыхый иликтөөлөр жүргүзүлүп, китептери басып чыгарылган, даректүү фильмдер тартылган. Таланттуу жазуучу, мурдагы комсомолдук кызматкер, бир катар гезиттерде эмгектенген Айткулу Убукеев “Аксакал” повестин жазса, Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев баш болгон таланттар ага арналган ырларын, поэмаларын басма сөзгө жарыялашкан.

Аксакал НКВД тарабынан негизсиз кармалып, камакка алынып, кыйнап өлтүрүлгөндөн кийин анын бала-бакырасы нечен азаптарды, кыйынчылыктарды тартышып, ар кай жактарда жашырынып жашоого аргасыз калышкан. Атүгүл айрым перзенттери фамилиясын өзгөртүүгө мажбур болушкан. 1956-жылдын 21-майында гана “Абдыкадыр Орозбековдун эч кандай күнөөсү жок” деп табылып, реабилитацияланып, акталып чыгат. Албетте, дүйнөдөн кайткан соң акыйкаттык жеңип, уул-кыздары, неберелери “эл душманынын балдары” деген мазактоодон арылышып, баштарын бийик көтөрүп, Ата журтуна ак дилден кызмат көрсөтүп, Абдыкадыр Орозбековдун ишин татыктуу улантышты.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер