Исхак ПИРМАТОВ, ЖК депутаты: “Пайдасы жок элчиликтерди жаап, түшкөн каражаттарды керектүү элчиликтерди ачууга сарптайлы”

-- Исхак Айтбаевич, комитетте элчиликтер боюнча аябай туура маселе көтөрдүңүз. Чындыгында эле биздин жарандар көп жашаган айрым өлкөлөрдө Кыргызстандын элчилиги жок, тескерисинче, кыргызстандыктар жок, же аз жашаган өлкөлөрдө элчилик бар...
-- Кайсы элчилик болбосун анын каржылануусу мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашат. Мамлекеттик бюджет деген эмне? Бул салык төлөөчүлөрдүн акчасы. Аны биз кашыктап чогултабыз да. Биздин комитет ушул тармакты тейлегенине байланыштуу мындай маселелерге көңүл бурбай коё албайт экенсиң. Элчиликтердин көпчүлүгү офисти ижарага алышат. Баардык мамлекеттерде, өзгөчө өнүккөн өлкөлөрдө ижара акысы аябай кымбат. Жалаң элчиликтер жайгашкан кымбат райондогу үй болобу, квартира, же офис болобу, элчиликтин кеңсесинен баштап, ал жерде иштеп жаткан кызматкерлерге чейин ошол жерден ижарага алат. Алардын айлыгы ошол мамлекеттин, ошол шаардын жашоо деңгээлине жараша болушу керек, ошол өлкөнүн жарандарынын орточо айлыгы канча болсо, ошончо төлөп берет ТИМ. Мисалы, орточо айлык 8 миң доллар болсо, 8 миң, 5 миң доллар болсо, 5 миң төлөп берет. Себеп дегенде, кызматкер баласын ошол шаардыгы бакчага же мектепке бериши керек. Бул туура эле, ушундай болушу кажет. Ырас ушундай каражат сарпталып аткандан кийин приоритеттүүлүк болушу керек да. Биздин жарандарыбыз кайсы мамлекетте көп? Биринчи кезекте Россияда. Ошол себептен биз Москвадагы элчиликтен сырткары Екатеринбургда жана башка шаарларда консулдуктарды ачып бергенге аракеттерди жасап жатабыз. Россиянын ар бир шаарында, облустарында биздин жарандар бар. Бирок, биз ар бир облуска консулдук ачып бере албайбыз да. Элчилик эмнеге керек? Биздин эмгек мигранттарыбыздын укугу бузулуп калса, бирөө иштетип туруп айлык акысын төлөбөй койсо, же кандайдыр бир жалаа менен соттолуп аткан болсо, анын укугун коргой турган элчилик болуш керек. Анын биринчи вазийпасы ошол. Жөн эле кычырап, ары-бери басканда эмес. Бизди тынчсыздандырып атканы Италияда расмий түрдө 7 миң кыргыз жараны бар, бейрасмий балким андан да көптүр. Бирок, ал жерде элчилик жок.
Канада өзүнүн аймагы боюнча эң ири мамлекеттердин бири. Бирок, ал жерде да биздин элчилик жок. АКШдагы элчиликке Канаданы жүктөп бергенибиз көп деле туура эмес. Вашингтондогу элчиликке АКШдагы иштери деле жетиштүү. Мисалы, биометрикалык маалыматтарды алыш үчүн Канададагы кыргыз жараны элчиликке келиш керек. Эми элестетип көрүңүз, Канададагы кыргыздар Вашингтонго келип кетиш үчүн 2,5 миң доллар сарпташат. Ар кайсы шаарлардан: бирөөсү Ванкуверден келсе, бирөөсү Калгариден келет. Биздин элчиликке ырахмат! Ошолор уюштуруп, бир датаны коюшкан. Мисалы, “20-октябрь күнү Торонто шаарынын баланча дарегине, саат мынчага топтолуп тургула” деп бир кызматкерди жөнөткөн. Ал бир күн ошол жерде иштеп, биометрикалык маалыматтарын чогултуп кайра келген. Канада – бул жөнөкөй мамлекет эмес. Биринчиден, чоң мамлекет, экинчиден, өнүккөн, экономикасы кубаттуу, биздин эмгек мигранттарына жагымдуу өлкө. Ошондой мамлекеттерде элчиликтин болуусу зарыл деп эсептейм. Кереги жок жерлердеги элчиликтерди жаап, бошогон каражаттарды ошол жактарга сарпташ керек. Азыр биздин жаңы элчилик ачканга мүмкүнчүлүгүбүз да, шартыбыз да жок.
-- Азыр биздин кээ бир элчиликтер ошол жердеги биздин жарандардын укугун коргобой эле өкмөттөн барган делегацияларды тосуп алып, узатуу менен алек болуп калгандай?
-- Мисал үчүн Швейцарияда биздин жарандар дээрлик жок. 280 жарандын 270и ошол жакка турмушка чыккан айымдар. Бирок, эл аралык уюмдардын көпчүлүк кеңселери, штаб-квартиралары Женевада жайгашкан. Ал жерде ар кандай конференциялар болот, биздин өкмөттүн өкүлдөрүн чакырышат. Министрлерибиз жана агенттиктин директорлору барышат. Женевадагы биздин элчилик эки машинеси менен аларды тосуп алып, кайра узутып, ойнотуп жүрүү менен эле убактысы өтөт. Өзүнүн негизги жумушун аткарганга убактылары жетпейт экен. Стамбул – бул тогуз жолдун тоому. Башка жакка учуп бараткан биздин делегациялар кээде ошол жерде бир күн жатып калышат. Стамбулдагы элчиликтин кызматкерлери да ошолорду тосуп алып, узатып, аэропорттон VIP зал заказ кылуу менен алек. Алардын милдети таптакыр бөлөк. Түркиядагы биздин мигранттардын укугун коргошу керек эле. Ошон үчүн ар кандай сын пикирлер айтылып жатпайбы.
-- ТИМдин өкүлү айрым бир өзгөрүүлөр болорун айтты. Өзгөрөрүнө сиздин көзүңүз жетеби?
-- Тапшырма бердик. Эми көрөбүз да.
“Азия Ньюс” гезити