Кундуз Жолдубаева, Асел Кодуранова жана Карамушкина камалабы?
Кой-Таш окуясы боюнча оор беренелер менен соттолгону жаткан Кундуз Жолдубаева, Асел Кодуранова жана Ирина Карамушкинаны жакынкы айларда камакка алышканы жатканын уктук. Үч айым тең айыптоолорду тааныбай, саясый куугунтук катары сыпаттап келишет. Башта эле камап салышмак, бирок, аялзатына карата гумандуулук катары аяп коюшканы белгилүү.
Суроо жаралууда. Катуу кысымга жараша Ирина Карамушкина Россиядан башпаанек сурап, кетүүгө аргасыз болобу? Күзгө карай анын депутаттык мандаты күчүн жоготот, жай жаран катары бийлик менен күрөшүүгө даай албай калсачы? Түрмөгө түшүп, кор болуп калганча Россияга жер которуп кеткени ыңгайлуу да, туурабы?
Ал эми Кундуз Жолдубаева менен Асел Кодуранова аягына чейин күрөшөрү, эгерде экөөнү камакка алууга чындап батынышса, анда коомчулук тарабынан курч нааразычылыктар жаралат. Барган сайын эл ичинде ар кандай “толкундоолорго” негиз түзүлүп аткан чакта, патриот эки айымды камакка алуу бийликке аброй алып келмек беле? Карапайым калк үчүн коркунучтуу кылмышкерлер, коррупцияга шектүүлөр эркиндикте жүрүшсө, аларды кармоонун ордуна күрөшчүл айымдарга куугунтук жасоо акылга сыймак беле?..
"Азия Ньюс" гезити