Молдомуса Конгантиевди “тоногон” Рыскул Жапаркуловдун жүзү ачылууда
Жергиликтүү генералдар Рыскул Жапаркуловду сүрөшүп, Чүй ОИИБге начальник кылуу аракетин көрүп жатышканын кабарлашты. Мындай аракет министр Улан Ниязбековго жакпай жатыптыр. Бул жагынан көп себептери болсо керек. Ал эми бизге маалымдалгандай, Курманбек Бакиевдин убагында Рыскул Жапаркулов Бишкек ШИИБде Молдомуса Конгантиевдин орун басары катары иштеп, кийин 180 градуска бурулганын таасирдүү полковниктер айтып беришти. 2010-жылы 7-апрелде төңкөрүш орун алып, кыйсыпыр кырдаал жаралганда Рыскул Жапаркулов өнөктөшү Рафик Мамбеталиев менен Молдомуса Конгантиевдин күлүк аттарын тоноо үчүн кол салышып, ыңгайдан пайдаланышканын кантип жашырабыз? Бул боюнча убагында кылмыш иштери козголбой калганы айтылууда. Эми ушул жылкы уурдаганга шектелгендер мамлекеттик жогорку кызматтарга жулунушканда, эрксизден жылмаясың. Качанкыга чейин татыксыздар Чүйдүн генералдарын бетке кармашып, эски ыкма менен былжырай беришет? Мындайларды акыл-эстүү бийлик четке кагышы зарыл!
"Азия Ньюс" гезити