Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан – сүйүктүү мекеним
(Башы өткөн сандарда)
Жусуп Баласагын
Баласагын орто кылымдагы атактуу акын жана философ, түрк тилиндеги алгачкы адабий чыгарманын – “Кутадгу билиг” поэмасынын автору.
Поэма биринчи энциклопедиялык чыгарма болуп эсептелет. Бул саясый трактат гана эмес, ошондой эле өз доорунун ар кандай тармактарындагы илимдин, маданияттын жыйындысы катары саналат, анда автордун өзүнүн жашоодогу позициясы философиялык ой жүгүртүүлөрү менен чогултулган, атап айтканда, турмуштун мааниси, адамдын максаты, анын коомдук жана табигый ааламдагы орду, ролу жөнүндөгү маселелер каралат. Поэма түрк тилдеринин биринде жазылган, мусулмандардын идеологиясына негизделген, акылга бай ой-туюмду жайылткан эң байыркы чыгарма. Бирден-бир кеменгерлик касиетке, сапаттуулукка эгедер...
Чүй өрөөнүнүн түштүк бөлүгүн бойлой Кыргызстандагы экинчи орунда турган кырка тоолор бар, ал батыштан чыгышты карай 454 километрге созулуп жатат. Кыргыз кырка тоолору өзүнүн кооздугу, чакан көлдөрү, шаркыратмалары жана көп түрдүү өсүмдүктөр дүйнөсү менен белгилүү. Жаратылышы ажайып суктанарлык, бир катар дарыя өрөөндөрү, капчыгайлары өзгөчө көркөм. Алардын арасында Чоң-Кемин, Кегети, Шамси, Нарзан жана башкалар.
Ысык-Ата капчыгайы
Байыркы жазма булактардан бери белгилүү. Дал ушул аймакта Ысык-Ата күкүрттүү ысык суу булактары жайгашкан, ал жердеги курорт 1891-жылдан бери иштеп келет.
Тоо боорундагы чоң ташка «Дарылоочу Будданын» эстелиги оюлган, анын астынан ысык булактардын бири агып чыгат. Анда алтын Будданын лотостун үстүндө отурганы сүрөттөлгөн. Анын ийилген сол колунда дарылык айыктыруучу чөйчөктүн ролун аткарган салттуу табактын, ал эми оң колунда Индиянын дары өсүмдүгү болгон миробаландын мөмөлөрүнүн кластерлери бар бутакты кармап турат. Сол жакта Будданын сөлөкөтүнүн астында тибет намазынын алсыз издери көрүнүп турат. «Дары Будда» культунун келип чыгышы биздин доордун биринчи кылымдарына туура келет.
Ысык-Ата капчыгайынын жаратылышы керемет. Курорттун үстүндө он метрлик Мрамор шаркыратмасы, Бала-Партак жана Жары-Таш шаркыратмалары бар. Капчыгай тоо көлдөрү менен кооздукка бөлөнгөн, алардын эң чоңу Орто-Көл.
Ала-Арча капчыгайы
Бишкектин жашоочулары үчүн эң сүйүктүү эс алуу жайы – бул Ала-Арча капчыгайы, Кыргызстандын эң белгилүү жери. Көз жоосун алган табияты, асман тиреген карагайлуу токойлору, ак кайыңдары, туптунук мөңгүнүн суусу, көп сандаган булактары жана сүрдүү аскалары менен айырмаланат. Капчыгайдын базасында деңиз деңгээлинен 1600-4860 метр бийиктикте турган 2280 гектар аянтты ээлеген Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы жайгашкан.
Бул жерде дээрлик 70 жыл мурун түптөлгөн дүйнөгө белгилүү "Ала-Арча" тоо лагери бар. Жыл сайын капчыгайды бойлой Тянь-Шандын тоо чокулары Корона, Адыгене, Комсомолецк жана кыргыз кырка тоосунун эң бийик жери Семенов-Тянь-Шандын чокусуна (4876 м) көптөгөн чыгуулар болот. Ала-Арчанын жогорку агымында жайгашкан «Альпинисттердин мүрзөсү» менен Ак-Сай шаркыратмасы туристтер арасында абдан популярдуу.
Суусамыр өрөөнү
Чүй облусунун түштүк бөлүгүн деңиз деңгээлинен 2000-3200 метр бийиктикте жайгашкан, эң ири, ошондой эле кооз жайлоолордун бири Суусамыр өрөөнүн баса белгилейли. Байыркы убакта Улуу Жибек Жолу ушул жак аркылуу өткөн. Өрөөн өзүнүн укмуштуудай пейзаждары аркылуу өзгөчөлөнүп турат: жапжашыл чөптөр, буркан-шарккан түшкөн дарыядагы тунук суулар, тоолордун керемет көрүнүшү, таза абасы. Жай мезгилинде сырттан келген туристтерди, жергиликтүү эс алуучуларды бир катар кымыз менен дарылоочу жайлар, эс алуу үйлөрү тосуп алышат. Эрте жайда Суусамырга талаа ак козукарындарын тергендер келишет.
Өрөөндүн административдик борбору — кыргыздын атактуу баатыры Кожомкулдун ысымын алып жүрөт. Баатыр Каба уулу Кожомкул (1888-1955) өзүнүн асыл иштери, спорттогу жетишкендиктери менен белгилүү. Көп жылдар бою ал жергиликтүү колхоздун төрөгасы болуп, эр жүрөктүк эмгектери үчүн Эмгек Кызыл Туу орденин алган. Ал күрөштө эч качан жеңилген эмес. Айылында чакан музей бар, ал жактан баатырдын сүрөттөрүн, кийимдерин көрүүгө болот. Ошондой эле баатыр жонуна көтөргөн делген чоң таштарды да көрөбүз.
Кожомкул тууралуу легенда
Уламыштар боюнча күндөрдүн биринде Кожомкул Төө-Ашуу аркылуу үйүнө, Суусамырга кайтып келе жатып, аты да баса албагандай ызгаардуу бороонго кабылат. Кожомкул балбан ушундай катаал аба ырайында бул жерде калып калууну намыс көрүп, атты ийнине асып, кар баскан ашуудан ашып, эч нерсе болбогондой Суусамыр өрөөнүнө түшүп кеткен экен. Боз үйүнүн жанына келип, атын байлап, жайбаракат чай ичип отуруп калат...
Бишкектеги Спорт ордосу анын урматына аталып, кире беришинде атты ийнине көтөргөн Кожомкулдун эстелиги тургузулган.
Төө-Ашуу ашуусу
Сары Өзөн Чүйдөн ары Суусамыр, Талас жана Фергана өрөөндөрүнө кетчү жол Төө-Ашуу аркылуу өтөт. Төө-Ашуу байыркы заманда Улуу Жибек Жолунун эң маанилүү бели, чыйыры болгон. Бул жактан Батышты көздөй жүк жүктөлгөн көп сандаган төө кербендери өтүп турганы маалым. Ашуунун эң бийик чокусу 3400 метрге жетет. Ал эми жогору жактагы түндүк жана түштүк эңкейиштери, узундугу 2,2 километрге жеткен туннель аркылуу байланышып турат. Бул Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген Бишкек-Ош стратегиялык жолунун негизги ашуусу.
Фергана өрөөнү
Бактыма жараша, 90-жылдары Ош шаарында жашап, иштеп калдым, ал кезде Фергана өрөөнү – Ош облусунун бирдиктүү борбору болуп турган. Кийин постсоветтик мезгилден соң, анын ордуна Жалал-Абад жана Баткен облустары кошумчаланып, негизделди. Фергана аймагынын эбегейсиз зор экономикалык потенциалы бар, анда Кыргызстандын калкынын жарымынан көбү жашайт. Жергиликтүү эл меймандос, эмгекчил, демилгелүү, сабырдуу, ошол эле учурда намыскөй келишет. Өрөөндө көптөгөн тарыхый жана жаратылыш эстеликтери бар.
Ош шаары
Бул «Түштүк борбор шаар» -- Борбор Азиядагы эң байыркы калаалардын бири. Анын кайсы жылдары пайда болгону так белгисиз, анткен менен археологиялык табылгалар боюнча шаар үч миң жыл мурун пайда болгону баяндалат.
Уламыштар шаарды, мындайча айтканда, байыркы Израиль падышасы Сулайман, грек колбашчысы Александр Македонский жана Могол империясынын негиздөөчүсү Бабур сыяктуу дүйнөдөгү атактуу тарыхый каармандар менен байланыштырат.
Тарыхчылардын ырасташынча, байыркы убакта Оштун айланасы чеп дубалдарга курчалып, анын үч дарбазасы ыңгайына жараша салынса, ал эми ичинде цитадель турган. Шаар ошол мезгилде Улуу Жибек Жолундагы ири соода борборго айланып, базарлары жана кербен сарайлары менен атагы чыккан.
(Уландысы кийинки санда)
"Азия Ньюс" гезити