Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасы улам төмөндөй берери айтылды

Өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасы улам төмөндөй берери айтылды

02-май, 13:00
495 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы беш сомго чейин арзандашы мүмкүн. Бул туурасында Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов Спутник сайтына маалымдаган.

Анын айтымында, ассоциация өкүлдөрү Финпол жана салык кызматы менен сүйлөшүп, коронавирус пандемиясынын баага тийгизген таасирин түшүндүргөн.

Кыргызстан мунай менен үзгүлтүксүз камсыздалат, ага таңсыктык жаралбашы керек. Ири нефтетрейдерлер мунайды дээрлик эки айга жете турган запас менен сатып алышкан. Пандемия жарыялана электе башкача баа болчу. Ошондуктан бааны дароо түшүрүп жиберүү мүмкүн эмес.

“Нефтетрейдерлер өлкөдө күйүүчү майдын баасын этап-этабы менен арзандатууга белсенип жатат. Жакынкы күндөрү чекене баасын беш сомго чейин түшүрөбүз. Андан кийинки динамика республикадагы экономикалык ишмердүүлүктүн активдешүүсүнөн көз каранды болот”, - деп белгилеген Эшатов.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер