Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бубаиша Арстанбекова, серепчи: “Диний кастыкты козутууну токтотолу”

Бубаиша Арстанбекова, серепчи: “Диний кастыкты козутууну токтотолу”

18-март, 19:30
469 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бубаиша эже, коомчулукта, социалдык тармакта диний талаш-тартыштар күчөп, ислам менен кыргызчылыктын карама-каршылыгы талкуулануу адатка айлана баштады. Мунун түбү касташууга алып барбайбы?

-- Ар бир жаран каалаган дин ишенимин тутунууга укуктуу. Бирок өзүнүн тутунган динин башкаларга таңуулап, ал көз карашын ашкере жарнамалап, бири-бирин кемсинтип, диний кастыкты козутууга акысы жок! Ал эми Кыргызстандын ар бир жараны улуттук наркты карманууга жана сактоого милдеттүү!

Кыргыздын каада-салтын айтып баштаганда эле “силер мусулман эмессиңер, теңирчисиңерби?” деп бөлүп-жаруу диний кастыкты козутуу болуп эсептелет! Ким кайсы динди карманбасын, кыргыз улутунун улуулугун сыйлап, нарк-насилибизди сактап калышыбыз керек. Салт-санаабызды өздөрүнүн динине карата бурмалап, ыйман сабагы же адеп сабагы деп жарнамалап, каада-салтыбызды бир жактуу пропагандалаганына жол бербешибиз керек! Себеби, соцтармактарда акылга сыйбаган жоруктар орун ала баштады. Маселен, кыз узатуу тоюнда арабча салават айтып, реклама кылып жаткан Нурзат Токтосунованын жоруктары кыргыз улутунун каадасына тикелей каршы келет. Алар мындай аракеттери менен динге дагы туура келбеген маалыматтарды көбөйтүп, жаштардын аң-сезимине терс таасир этип жатат.

-Мындай чектен чыккан аракеттерди, балким, мамлекеттик органдар тескөөгө алышы керектир...

-- Мен өзүм кыргыздын салттуу үй-бүлөсүндө тарбияланып, кыргыздын салтын алып жүрүүчү катары мындай жоруктарга кайдыгер карай албадым. Фейсбук социалдык тармагы аркылуу урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичке, Камчыбек Кыдыршаевичке жана Курманкул Токторалыевичке кайрылдым. Азырынча жооп боло элек. Ошентсе да сиздердин гезит аркылуу дагы бир жолу президентке кайрылгым келет.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!                          

Сиздин 2021-жылы 29-январында Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгыңыздын негизинде көптөгөн мамлекеттик деңгээлде иш-чаралар өткөрүлдү. Бирок улуттук баалуулуктарды коргоо боюнча маалыматтар жетишсиз, тескерисинче, блогер, тамада, ажылык сапарга барып келгендердин рекламасынын көлөкөсүндө калып жаткансыйт! Сизден сураныч, кыз узатуу тойдо салават айткандардын канчалык мыйзамдуу экенин аныктап, жоопкерчилигин кароону көзөмөлгө алышыңызды суранам!

Улуттук наркты, салтты, кааданы кастарлап сактап калуу үчүн мындай маселелерге токтоосуз көңүл буруп, тийешелүү чара көрбөсөк, кийин кеч болуп калат деп ойлойм. Анткени диний кастыкты козутуу аркылуу саясый максатта "мен мусулман, сен теңирчи" деген интриганы пайдаланып жаткан бийликке кызыкдар тараптардын кутумчулугу эмес деп эч ким кепилдик бере албайт!  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер