Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Султанбай Айжигитов: “Он киши дале камакта... Элчилик Душанбеде эмне кылып отурат?”

Султанбай Айжигитов: “Он киши дале камакта... Элчилик Душанбеде эмне кылып отурат?”

28-январь, 09:00
764 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Ыйман Нуру” фракциясынан ЖК депутаты менен маек.

-- Султанбай Абдрашитович, ушу тапта биздин он жараныбыз Тажикстанда камакта отурушат экен. Алардын кармалышы канчалык негиздүү болгон?

-- Биздин жарандардын “чек араны буздуңар” деген шек менен кармалганы мыйзамсыз, нонсенс (!) деп эсептейм. Себеби, ал жерлер такталган эмес, чек ара сызыгы, демаркациялык белгилер жок. Ал жерден өтүп бараткан киши чек араны бузган-бузбаганын аныктай албайт. Эл аралык тажрыйбада (биздин эки тараптуу келишимдерде деле ошондой болсо керек) мындай жерлерде кармалган адамды профилактикалык маектешүүдөн өткөрүп туруп эле кайра биздин органдарга өткөрүп бериш керек. Биздин органдар да маектешүүдөн өткөргөндөн кийин коё берүүгө тийиш. Булар болсо “чек араны буздуң” деп, үстүнө болбогон айыптоолорду кошуп, кылмыш ишин ачып, соттоп атышпайбы. Бир киши соттолду. 69 жаштагы аксакал чек араны атайылып бузду дейсиңерби? Мурдагыдай эле көрүп, туугандарына айылчылап барган. Эң жаманы, ал киши бир айга жетпей көз жумду. Ал эмне болуп көз жумду? Өз ажалы менен өлдүбү, же башка бир нерсе себеп болдубу? Муну териштирбесе болбойт. Ал эми калган он киши дале камакта. Туугандары “бизди да кармап, камап коюшабы” деп чочулап, сотко бара албай отурушат.

-- Сиз буга чейин губернатор болуп Баткен облусун жетектегенсиз. Ал жерди жакшы билесиз. Мындай көрүнүштөр болбошу үчүн эмне кылыш керек деп ойлойсуз?

-- Биринчи кезекте, биз да адекваттуу чараларды көрүшүбүз зарыл. Алардын жарандары чек араны бузса, орган кызматкерлери кармап, биздин жарандарга алмаштыруу керек. Бул эң тез жолу. Ошондо алар биз менен эсептеше баштайт эле. Чек арада болуп жаткан көрүнүштөр, менин оюмча (бул көрүнүп эле турат), максаттуу саясат – чек арага жакын айылдарда жашаган калкка психологиялык басым көрсөтүп, аларды жашаган жерлерден көчүрүү. Себеби, бүгүнкү күндө чек араны ошол жерде отурукташкан эл коргоп, тосуп турат.

-- Кесиптешиңиз Камила Талиева “Тажикстандын Ходжент шаарына консулдук ачыш керек” деген сунуш айтты. Сиз буга кандай карайсыз?

-- Ушундай көрүнүштөр боло берсе, балким, келечекте консулдукту ачышы керек болор. Азырынча болсо... Элчилик Душанбеде эмне кылып отурат? Атайын командировка менен жибереби, мындай курч кырдаалдарда Ходжентке келишип, он кишини бошотуп алмайынча ошол жерден кетпеши керек... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер