“Моби” каймана атындагы Таалай Рысалиевдин таасири таш жарабы?
Египеттен “Казак” аттуу лакап ат менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып келгенин күч органдары жарнама кылышты. Адаттагыдай видеого, сүрөткө тартышып, соцтармактарга таратышып. Муну карапайым, молдо катары сыпатташууда.
Ошол эле кезде “Моби” каймана атындагы Таалай Рысалиев чет өлкөдө жүрөт. Өткөн жазда Дубайдан кармалганы боюнча маалымат тарап, бирок кайра тынчып калган. Бул “операция” жең ичинен сүйлөшүлгөн эмеспи? Башынан эле “Мобинин” таасири жана байланыштары күчтүү катары айтылчу. Жогорку бийлик бутактарына чейин тамырлаш экени чынбы? Ал маркум Камчы Көлбаевдин жакын адамы, каржы булактарын тейлеген бизнес өнөктөшү беле? Убагында Зарылбек Рысалиев да аны кылмыш дүйнөсүнө тийешеси бар экенин айткан. Бул туурасында ЖМКларга бир топ маалыматтар чыгып келгени ырас. Негизи Камчы Көлбаевге катыштыгы бар жоон топ адамдар камалышты, “кусушту”, айтор, ар кандай таризде жазаланды. Качкандары да бар. Айтмакчы, Азим Ройго, “Мобиге” күч органдарынын колу жетпей койгону кандай? Эңкейиштегилер чабылып, “элиталар” бийикте кала бергендей. Кандай болгон күндө да, Таалай Рысалиев кыраакылыгы, караңгыдан жол тапкан кыйындыгы менен өзгөчөбү? Кыскасы, көмүскөдөгү көп маалыматтар сыртка чыкпай, азырынча бугуп жаткандай. Абай сала туралы.
"Азия Ньюс" гезити