Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен Мариповдор текшерилеби?

“Мыйзамсыз баюу” беренеси менен Мариповдор текшерилеби?

18-январь, 17:00
795 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Интернет колдонуучу Нуриза Капарова аттуу жаран бул боюнча Фейсбукка жазып чыкты. Соцтармактагы талкууларды жана Мариповдорго карата коомчулуктун кыжырдануусун эске алып, биз да гезит бетинен орун берүүнү ылайык көрдүк. 

Мариповдордун байлыктары: 

“БЭ Групп курулуш компаниясы. Учредитель жана директор катары Жумабек Акбаров катталган.

“БЭМ Строй курулуш компаниясы. Учредитель катары Эрнис Абдурасулов катталган.

“АССУР курулуш компаниясы. Учредитель катары Бакыт Мариповдун аялы Гулжамал Маликова катталган. Директор Жумабек Акбаров. 

“Билим” жеке мектеби. Учредитель катары Бакыт Мариповдун аялы Гулжамал Маликова катталган. Директор Жумабек Акбаров. 

“Чаткал жарыгы” компаниясы. Бакыт Мариповдун апасы Сурма Абдыразакова катталган. 

Кыргыз-Ата айылы, М.Исранов дарегиндеги жер.

Бишкек шаарындагы Бакаев көчөсүндөгү 143/3 участок.

Кыргыз-Ата айылындагы Т.Марипов 26 дарегиндеги үй.

Мирмахмудов айылы өкмөтүнө караштуу Таштан1 дарегине катталган базар.

Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Куу-Майдан айылындагы жер.

Бишкек шаарындагы Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан 217 даректеги үй.

Бишек шаарына караштуу Тон, 10 дарегиндеги үй.

Бул жогоруда жазылган Мариповдордун байлыктарынын ондон бири. Алдыда дагы бир топ байлыктары ачыкталат.

Өмүр бою мамлекетте иштеген адам бир канча миллион долларды чапчыган байлыкты каяктан тапкан?

Редакциядан кошумча: Асамидин Марипов убагында Жогорку Кеңештин депутаты болсо, көп жылдардан бери Ноокат райондук оорукананын башкы дарыгери катары түшпөй келет. Баласы Улукбек Марипов президенттин аппаратында, эсеп палатасында бир топ жыл иштеген. Кийин премьер-министрлик кызматка көтөрүлүп, ишенимди актай албай кеткен. Бакыт Марипов да Ноокаттын акими болгон. Кыскасы, бири-бирине чырмалышып эле келатышат, байлык топтогон жагынан да кем калышпаптыр... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер