Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эрнест Карыбеков, эксперт: “Сократ айткандай, “ар бир адамда күн бар, ошону көрө билели”

Эрнест Карыбеков, эксперт: “Сократ айткандай, “ар бир адамда күн бар, ошону көрө билели”

31-март, 23:00
532 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
-- Эрнест мырза, “Өзбекстан Кыргызстан менен чектеш жерине ГЭС куруп жатыптыр” деген маалымат тарады. Бул маалымат такпы?
-- Биринчиден, маалыматты так чыгарыш керек. Нарын дарыясы Кыргызстандын Үч-Курган ГЭСинен чыккандан кийин Сырдарыя деп аталат. Демек, Өзбекстан өзүнүн жеринде Сырдарыяга ГЭС куруп башташкан экен. ГЭС куруу өзбек туугандардын өздөрүнүн иши. Биз деле өз жерибизде ГЭСтерди куруп жатпайбызбы. Ошол сыяктуу алар да өз жерине кура берет. Биз бир нерсени туура түшүнүшүбүз керек. Нарын дарыясы менен Сырдарыя транс чек аралык дарыя. Кыргызстандан чыгып дагы үч өлкөнү аралап өтүп, Арал деңизине барат. Арал деңизине жеткенче ар бир мамлекет өз өлкөсүндө дарыяны колдонот.
-- Кыргызстанга конструктивдүү, күчтүү оппозиция керекпи?
-- Албетте, конструктивдүү оппозиция керек. Бул илгертен келаткан жашоо эрежеси. Адамзат эркиндикте жашасын деген максатта Кудай баарыбызды жараткан. Ошол көпчүлүктүн эркин жашоосун камсыздап бере турган бул мамлекет. Чиновниктер жалпы элдин көзөмөлүндө болуп турушу абзел. Анткени, кыргыздардын эле эмес, дүйнөлүк тарыхта жеке амбициясын, жеке кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгы, улуттун баалуулуктары менен адаштырып алган бийликтер кезиккен. Өлкөнү, элди, адилеттүү башкарыш оңой иш эмес. Ошондуктан күчтүү, конструктивдүү оппозиция сөзсүз керек. Бирөөнүн артынан издегендер эмес, мамлекетти туура башкарганга жардам бере турган, Сократ айткандай, “ар бир адамда күн бар, ошону көрүш керек”. Бизге бийликтин да жакшы жактарын унутпай объективдүү сын айткан оппозиция керек. Ага чоң салым кошо турган, “төртүнчү бийлик” деп аталган өзгөчө мамлекеттик массалык маалымат каражаттары бар. Ар кайсы бийликке “дүжүр” болгондорду эле эфирге чакыра берсеңер, биринчиден, жаман көрүнөт, экинчиден, “дүжүрлөрдүн” эфирге байма-бай чыкканы мамлекетке чоң зыян алып келет.
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер